Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.12.2018 12:32

Айыл турмушу: 40 жыл экскаватор айдаган бакай-аталык К.Кулсариев 2 шакирт тарбиялап жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 60 жаштагы тургуну Каныбек Кулсариев 39 жылдан бери экскаватор айдап иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, техникага бала кезинен эле жакын.

«Өзүм 10 бир тууганмын. Балдардын экинчиси болгондуктан атама талаа жана башка жумуштарга жардам берүү менин милдетим болчу. Атама кошулуп алып техника оңдочумун. 1977-жылы аскерге жөнөп кеттим. Аскерден келгенде эле медициналык институтка тапшырып, ал окууга өтүп кеткем. Бирок шартка байланыштуу окуган эмесмин. Менин жан дүйнөм техникага жакын экендигин билдим. Жумушумдун бир канатын көтөрүп кызмат кылып жүрөм.

Аскерден келерим менен Бакай-Ата айылындагы суу чарбасында механика бөлүмүндө механизатор (тракторист) болуп иштеп баштадым. Бул кесип өзүмө абдан жагат. Кичинемден техникага, темирге жакын болгондуктанбы бул ишти оңой алып кете алдым. Орто кесиптик окуу жайды аяктап, ушул күнгө чейин эмгек кылып жүрөм. Кесибимди жакшы, так аткарчумун. Ошонумду эске алышып, көптөгөн гезиттерге чыгарышчу. Мактоо баракчаларын да ыйгарып турушчу.

10 жыл трактор айдап, эл кызматында болдум. Бузулса оңдой калып, айтор тилин таптым. Менден башка эч ким айдай алчу эмес. Анткени башкаруу оңой эмес болчу. Ар бир нерсенин, жада калса унаалардын дагы тилин табуу керек эмеспи. Өзүм ал тракторго айдоочу, оңдоочу да болчумун. 1989-жылдан баштап экскаватор айдап иштедим», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумуш учурунда экскаватору бузулуп, далай кыйын күндөрдү көргөнүн айтты.

«Жумушта кызыктуу окуялар көп болгон, жадагалса өмүрүмө дагы коркунуч алып келген кездер болгон. Бир жолу алыскы ээн талаага жумуш чыгып калды. Ал жерге дагы бир жумушчу экөөбүз бардык. Ал талаадан оор жумуштарды бүтүрүп жатып кеч да кирип кеткен эле. Эмнеси болсо да ишти бүтүрүп коёлу деп иштей бердик. Бир маалда экскаватор бузулуп калды. Ал убакта чөнтөк телефон деген жок болчу. Жакын жерде адамдар дагы жок. Күз аяктап, кыш мезгилинин башы болуп калган. Биз иштеген жер тоолорго жакын болгондуктан карышкырдын үндөрү угула баштады. Жакындап келген сайын түнү бою чырак өчүрбөстөн таң атырганбыз.

Ошентип ошол түнү ээн талаада карышкырга жем болгону аз калганбыз. Ошол кезде тракторду таштап кетип калбай, чоң жоопкерчилик менен иштегенбиз.

Кесибим ары кызыктуу, ары татаал. Баштаган ишим аягына ийгиликтүү чыкса өзүм жеңилдеп, жумуштун татаалдыгы билинбейт. Азыркы кезде техникалар жаңырып, иштөөгө дагы жакшы болуп калды. Эмгек өргүүгө чыга турганымды эске алып, экскаватордун ишин 2 балага үйрөтүп жатам. Билбей калган жерлерин айтып, көрсөтүп, тажрыйбам менен бөлүшөм. Учурда мени менен бирге иштеп жатышат.

Келинчегим Гүлнар мен жумуштан келгенде ысык чайы менен күтүп алат. Убагында келинчегимди бир көрүп жактырып, УАЗ менен алып келгем. Кудайга шүгүр, 3 кыз, 1 уулду тарбияладык, 5 неберебиз бар», - деди Каныбек Кулсариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×