Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.12.2018 09:41 На русском

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Казыбаева дарылык касиети бар бөлмө гүлдөрүн өстүрүп келет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 51 жаштагы тургуну Айчүрөк Казыбаева дарылык касиети бар бөлмө гүлдөрүн өстүрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын кызы. Кызыл-Сай айылына 1986-жылы келин болуп келген. Учурда үйүндө бөлмө гүлдөрдүн 48 түрү өсөт.

«Кичинемден гүл өстүрүүгө кызыкчумун. Мектепте биология жана химия сабактарын жакшы окучумун. Андан жашыл өсүмдүктөр дүйнөсүнө кызыгып, окуганым боюнча үйдөн иш жүзүндө тажрыйба жүргүзө берчүмүн. Алма дагы кыйыштырдым. Башында жөнөкөй гүлдөрдү өстүрүүдөн баштагам. Бүгүнкү күндө түрлөрү көп. Жай мезгилинде эшикке дагы гүлдөрдү тигем. Азыркы кезде Таласта идишке отургузулган гүлдөр дүкөнү ачылып жакшы болду. Ал жактан дагы гүл сатып алып турам.

Гүлдөргө аяр мамиле жасоо менен багып жүрөм. Бала карагандай эле убагында суу куюп, күнгө чыгарып фотосинтез процессин жүргүзүүгө шарт түзөм. Азыр эсептесем 30 жылдан бери өстүрүп келем. Айыл ичиндеги курдаштар, кыздар кызыгып сатып алышат. Сатып алам дегендерге «өзүң баасын коюп сатып ала бер» деп коём (күлүп). Негизи сатуу үчүн өстүрбөйм. Үйдүн ичин ботаникалык чөйрөгө айландырганды жакшы көрөм. Гүлдөрдү карап эс алам.

Гүл көргөзмөлөргө барып, гүлдүн жаңы түрлөрүнөн алып келем. Гүлдөрүмдүн баары эле окшош шартты талап кылышпайт. Бири сууну көбүрөөк талап кылса, экинчиси көлөкөнү, үчүнчүсү жылуулукту талап кылат. Кичинекей небере кыздарым дагы гүлдөрдү жөнү жок үзбөй, кастарлап карап турушат. Гүл ачып калганда сүйүнчүлөп айтып калышат (күлүп).

Көбүнчөсү декоративдик гүлдөрдү өстүрөм. Күн суук болуп калганда жылуу суу куюп турам. Жумуштан келгенде эле гүлдөргө көңүл бөлөм. Саргайган жалбырактарын алып, чаңын тазалап турам. Жайкысын ысык күндү сүйгөн гүлдөрдү чарбакка которуп отургузам. Күз башталганда идишке отургузуп, үйгө киргизем. Эшикке отургузганда тамыры кенен өсүп сөңгөгү бекем болот. Көчөттөрүн Бишкектен дагы алып келген күндөрүм болгон. Ар түркүн гүлдөрдү өстүрүүдөн ырахат алам. Идиштерин жана топурактарын базардан сатып алам. Химиялык зат аралаштырбайм. Санын азайтпай, көбөйтүп өстүргөндү адатка айланткам. Гүлдөрдү байкап карап турам. Топурактары начарлап бара жатканда топурактарын алмаштырып турам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле гүлдөрдүн дарылык касиеттерин айтып берди.

«Алоэ, фикус, герань, каланхоэ гүлдөрүнүн дарылык касиети болгондугу үчүн дагы багып келем. Айылдагы бир кичинекей баланын айыкпай жаткан жарасын менин сунушум менен алоэ аркылуу айыктырышкан. Ошондон бери үзбөй өстүрүп жүрөм. Алоэ жаракаттарды айыктырат жана күйүккө каршы касиетке ээ. Ал эми фикус көпчүлүк айымдар сүйүп өстүргөн бөлмө гүлү. Бул гүлдү өстүрүү жеңил. Фикусту көгөргөн тактарды (синяк) кетирүүдө колдонушат. Фикус үйдүн энергетикасын тазалайт жана тынчсыздануулардан арылтат. Бул чорду кетирүүдө дагы жардам берет. Ал үчүн 1 фикус жалбырагы жана 50 мг уксус керек. Жалбыракты жанчып, уксус менен аралаштырам. Аны кебез менен чорго сүйкөп, тумчулап койгондо чор кетет. Каланхоэ гайморитке жакшы. Герань көп колдонула турган гүл. Бул гүл стресске каршы касиети бар. Жыты нерв системасын чыңдайт», - деди ал.

Айчүрөк айым 1 уул, 1 кыз жана 6 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×