Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.12.2018 11:41

Бакай-Атанын Көк-Таш айылында таза суу чыкпай, эл арыктан суу ичүүдө

Turmush -  Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында таза суу чыкпай, эл арыктан суу ичүүдө. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

«Биздин айылда А.Асантуров көчөсүндө гана 6 жерде суу кудуктары бар. Бул кудуктар киргизилгенине 6-7 жылдын жүзү болду. Жайында суу жакшы эле чыгат. Бирок кышта минтип суу чыкпай, айыл эли суусу жок калабыз. Башка көчөдө жашагандар жайдын күнүндө деле биринчи көчөдөн ташып ичишет. 2 айдай такыр суусу жок калып, кошуна айылдан ташып жаттык. Унаасы жоктор сууну арыктан алып келип, чыпкалап кайнатып ичебиз. Мындан 2 күн мурун эле 6 кудуктун биринен суу чыкты. Бир айыл эли кезекте турабыз. Ал эми малга, кир жууганга, идиш жууганга арыктан алып жатабыз. Арыктагы суу дагы тоңуп, акпай калса тиричилигибиз токтоп калчудай», - деди тургундар.

Көк-Таш айылы жайгашкан Акназаров айыл аймагынын башчысы Урматбек Тынысов менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Көк-Таш айылынын тургундары буга чейин 2017-жылдын январь айында да таза суу көйгөйүнөн кыйналып жатышкандыгын айтып чыгышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×