Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.12.2018 16:49 На русском

Жубайлар: Бакай-аталык Гүлнар айым менен Орунбай мырза окуучу кезде эле бири-бирине кат жазышчу (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылындагы жубайлар Орунбай Алымбаев менен Гүлнар Алымбаева 32 жылдан бери бирге жашап жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Жубайлар 1986-жылы 21-март күнү Нооруз майрамында баш кошушкан. Орунбай Алымбаев 1997-жылдан бери Бакай-Ата токой чарбасында корукчу болуп эмгектенип келсе, Гүлнар айым үй кожойкеси.

Гүлнар айым: Экөөбүз бир айылда чоңоюп, бир мектепте окуганбыз. Ал менден 2 класс өйдө окучу. Бала кезибизден бери тамекиде чогуу иштеп калдык. Бирок мамилебиз байке-карындаш катары эле сүйлөшүп турчубуз. Ал убакта сүйүүсүн, жакшы көрөрүн кат аркылуу билдирчү эмеспи. Биздин баштан дагы кат алышып, беришкен күндөр өткөн. Кат жазып, дос балдарынан берип жиберчү. Мен жооп жазып, курбу кыздарымдан берип жиберер элем. Ошентип жүрүп ага-карындаштык мамилебиз достукка, андан кийин сүйүүгө жеткирди. Орто мектепти аяктап, ал аскерге кетти, мен айылда калдым. 1986-жылы аскерден келди. Биз сүйлөшүп жүрүп, 3 эле жолу бетме-бет жолугуп сүйлөштүк. Үчүнчү жолугушууда гана жолдошум «Мени жактырасыңбы? Мага болгон сезимиң барбы?» деп сураганы эсимде. Сага болгон сезимим бийик деп бетине айта албасам дагы, көз карашым менен далилдеп бергем (күлүп). Эртеси күнү баш коштук. Ошентип мен 19 жашымда, ал 21 жашында бир үй-бүлө болдук. Баш кошкондон кийин 4 жыл жайлоодо мал менен жүрдүк. Кийин айылга түшүп, багбанчылык менен алек болуп баштадык.

Жазгы убакта элдин баары жер айдоо, көчөт тигүү менен алек болот эмеспи. Эл катары мен дагы базарга барып помидор, бадыраң, сарымсак, картошкаларды алып келип, огородко тигип баштадым. Бир убакта кайын энем келип, «Кайдагы бир чочконун оокатын тигип жатасың? Тикпе эле тикпе» деп мени аябай урушканын азыркы убакка чейин унутпайм. Көрсө алар андай жашылча-жемиштерди пайдаланбай, эт менен гана оокат кылчу экен.

Атам менен апам бир күнү «Гүлнар, чай даярдачы» деп калды. Чай даярдап, баарыбыз чайга отурдук. Бир убакта апам «калемпир алып кел» деп калды. Сыртка чыгып калемпир үзүп келдим. Кайын энем чочуп, «бул эмес, кара мурчту алып кел» деди. Кайра барып алып келсем, экөө чайга кошуп ичишсе болобу. Чайына биринчи кант кошуп, андан соң кара мурч кошуп аралаштырып ичип, мени таң калтырышкан.

Орунбай мырза: Биздин учурда азыркы жаштардай болуп тизелеп отуруп сүйүүсүн билдирүү деген нерсе жок болчу. Биз ата-энебизди эле эмес, сүйлөшкөн кыздын көзүн өйдө карап сүйлөй алчу эмес элек. Тарбия өтө бекем болгон экен. Мен дагы өз сезимимди жолугушуу учурунда билдирип, макулдугун алгам. Азыр баары ойдогудай, бактылуубуз десек жаңылышпайм. Кудайга шүгүр, 3 уул, 3 кыз, 10 неберенин ата-энеси болдук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×