Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 03.12.2018 17:06

Айыл турмушу: Таластык С.Молдалиев үйлөрдү оңдоп, айына 60 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Талас районундагы Арал айылынын 31 жаштагы тургуну Самат Молдалиев үйлөрдү жасалгалап кызмат көрсөтөт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

«2005-жылы мектепти аяктап, И.Арабаев атындагы университетте билим алып баштадым. Бирок менин кыялымдагы кесип болбогондуктан өз кесибим менен иш алып барбастан, үйлөрдү эвростилде жасалгалоо менен алек болуп кеттим. Башында кызыгуу менен аракет кылып жүрүп, бул өнөрдү өркүндөтүп кетүүгө жетиштим. Азыркы учурда үй-бүлөмдү ушул эмгегим менен багам. Кандай жумуш болбосун батыраак бүткөнгө аракет жасайм. Ошону менен катар үй ээсинин купулуна толо тургандай кылып жасап берем.

Кичине кезимден эле сүрөт тартканга кызыгам. Ата-энем «балам, сенден жакшы сүрөтчү чыгат» деп айтып калчу. Үй жасалгалоого азыр ошол бала кездеги хоббим болгон сүрөтчүлүктүн көп жардамы тийип жатат десем да болот. Анткени үй жасалгалоодо өңдөрдү туура таап чыгууга жөндөмдүү болуш керек. Бул сапаттар сүрөтчү адамда көп болот. Алгач иштеп жүргөндө 4 бала болуп баштаганбыз. Жаңы баштаганда туура эмес жасап алып, кайра оңдоп убактыбыз кетип калчу. 4 бала 1 ай иштеп, 1600 сом алганбыз.

Азыр эмгегим ар кандай бааланат. Кээде элден буйрутма көп болуп калган учурда 1 айда орто эсеп менен 60 миң сомго чейин киреше табабыз. Эвро жасалгалоо кыш-жайга карабайт. Үйдүн ичинде иштейбиз», - деди Самат мырза.

Уста жубайы Мырзайым экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×