Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 04.12.2018 12:05 На русском

Таласта Жерүй кенин иштеткендер аңчылыкка бара жаткандарды кармап, жолдон өткөрбөй коюшту (видео)

Turmush -  Таластагы Түз-Ашуу капчыгайына аңчылыкка кетип бара жаткандарды Жерүй кенин иштеткен компаниянын кароолчулары жолдон өткөрбөй коюшту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас облусундагы аңчылык жана балык уулоо коомунун өкүлү Анатолий Майзер билдирди.

«2-декабрь күнү Талас районунун Бекмолдо айыл аймагы тараптан мергенчиликке чыккан балдардан чалуу болду. Жерүй кенинин тосмо пунктунан кайтаруучулар «бул мамлекеттен сатып алынган жер» деп, мергенчилерди Түз-Ашуу капчыгайына өткөрбөй жатышканын айтышты. Ал жол баары пайдалануучу жол. Адамдарды өткөрбөгөнү канчалык мыйзамдуу? Бул материалдарды прокуратурага өткөрүүгө камдап жатабыз. Балдар мергенчиликке кекилик үчүн барышат. Баарында тиешелүү документтер болгон. Ал эми тосмо пунктунан айыл тургундарын гана өткөрүп жатышты. Бул видеодон өзүңүздөр деле көрсөңүздөр болот», - деди ал.

Ал эми Жерүй кенин иштеткен «Алтын Альянс» компаниясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкуловдун айтымында, мергенчилер башка жакта аңчылык кылышы керек. Себеби аталган аймакта курулуш иштери жүрүп жатат.

«Бизде стратегиялык аймак болуп, курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпы бизге тиешелүү 1300 гектар жердин аймагына мергенчилерди киргизе албайбыз. Айылдан 7 км аралыкта күзөт кызматы турат. Ошол жерден тарта кире алышпайт. Башка жакка барып мергенчилик кыла беришсин. Алар өздөрү менен өздөрү оюн кылып жатышат. Ушул жылдын жаз айларында дагы ушул сыяктуу маселе болгон эле», - деди Жаныкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×