Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.12.2018 15:22

Бакай-Ата районунда майып адамдарга жардамдар көрсөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда Бакай-Ата районунда майып адамдарга жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу акимдин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.

Маалыматка караганда, майыптарга жардам берүү үчүн уюштурулган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чакырылды. Алар Бакай-Ата райондук социалдык-стационардык мекемесинде жашагандар өз колдору менен жасаган буюмдардан сатып алышты. Алар токуган байпактар 300 сомго чейин, жыгачтан жасалган үй буюмдары 100-150 сомдон сатылды. Андан соң аларга Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары атайын майрамдык концерт тартуулады.

Майрамдык маанайды улай мекеменин жашоочуларына Талас шаарынын тургуну 22 миң сомго стол белек кылса, ишканалардын бири 30 миң сом тапшырды. Майрамдык кечеде Талас облусунун жетекчилигинен 10 миң сом, Бакай-Ата райондук администрациясынан 5 миң сом бөлүнүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×