Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 05.12.2018 10:10

Жубайлар: Кара-бууралык мугалим жубайлар К.Аубакиров менен Н.Байтикова балдарын окутуу үчүн Москвада иштеп жатышат (фото)

Turmush -  Кара-бууралык мугалим жубайлар Каныбек Аубакиров менен Нурила Байтикова 10 жылдан бери Москвада жашап, иштеп жатышат. Аймактык кабарчы алар менен байланышты.

Өздөрүнүн айтымында, 35 жылдан бери бирге жашап келишет. Нурила айым 23 жыл англис тилчи мугалим болуп иштеген.

Нурила айым: 1963-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөм. 11 бир туугандын экинчисимин (9 кыз жана 2 уул). Жолдошум экөөбүз тең 1985-жылы Жусуп Баласагын атындагы университеттин чет тилдер факультетиндеги немис жана англис тил бөлүмүн аяктаганбыз. Сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизди жакындан билип, 2-курста үйлөнгөнбүз. Жолдошум баш кошууну сунуштаганда дароо эле макул болгом. Анткени мага жолдошумдун интеллигенттик сапаты, маданияттуулугу, сөгүнбөгөндүгү жана тамашалап сүйлөгөнү жагат. Эч убакта адамды кемсинтпейт.

Студенттик кезде жолдошум экөөбүз Ысык-Көл облусуна студенттик отряд менен жумушка барып калдык. Барган жерибизде ак боз ат бар экен. Менин атам чабан болгон, атты мыкты чабам. Ошол жерден атты минем деп калдым. Кожоюну болсо «азоо ат, кыз кишилерди тоготпойт, ала качып кетет» деди. Мен болсо «ала качкан аттарды бат эле токтотуп, башкарып алам, мине берейин» десем макул болду. Бир аз желдирип баскандан кийин тебинип койсом ала качкан бойдон кетти. Ат үстүндө кетип бара жатам. Кайсы жерге барып токтойт болду экен деп тизгинин коё берип кете бердим. Сууну жээктеп, шамал менен жарашып, сызып кете бердим. Ат көпкө чейин барып токтогондо башын буруп келсем, баары өң-алеттен кетип турган экен. Жолдошумдун өңү купкуу болуп, коркконун көргөм (күлүп).

Келин болуп келгенде эсимде кайын атамдын эмдегени калган. Арчагул айылындагы үйдүн эшигинин алды аябай чоң болчу. Улуу абысыным күнүгө эртең менен эрте туруп шыпырып койчу. Бир күнү мен шыпырайын деп эрте туруп ишке кириштим. Жеңил кийинип алган экенмин, жел уруп, тердеп ооруп калгам. Ошондо кайын атам «Нурила келиниме көз тийип кетти» деп суу менен эмдегени эсимден кетпейт. Советтер союзу жаңы тараган кез болуп, көпчүлүк атеисттик көз караш менен жүргөн. Эмдөөгө маани бербей, ичимден кимдин көзү тиймек эле деп күлкүм келген. Бирок өзүмдү жакшы сезип калгам. Анчалык чоң жерди шыпырган эмес элем. Бир жолу шыпырам деп ооруп калганым эсимде.

Кайын энем эртең мененкисин жүгүнүп, тергеп жүрүш керек деди. Кайын агамдардын атынын башкы тамгаларын айтып, Ү, М деп тергечүмүн. Айылда мектепте иштеп жүргөндө окуучулардын фамилияларынан айтыш керек болуп калат. Туугандардын балдарын «Ү акенин уулу» деп айта берчүмүн. Кайын энем аябай жакшы киши болчу. Балдарымды карады. Жолдошум экөөбүз өмүр бою мугалим болуп иштедик. Неберелерди жакшы багып, карашып жардам берген. Мени өз кызындай эле карады. Мен дагы жакшы көрчүмүн.

Мектепте 23 жыл иштедик. Пенсияга чыгар маалда Москвага келе бердик. Мен бул жактан дагы өз кесибим менен мектепте иштеп калдым. Жолдошум колбаса чыгаруучу цехте эмгектенет. Балдар чоңойду, жогорку окуу жайларда окутуш керек болду. Улуу кызыбызды өзүбүз окуган окууга окутуп, Германияга жиберебиз дечүбүз. Тилегибиз аткарылды. Балдарыбыз жакшы окушту. Улуу кызым атайын программа менен Германияда окуп жүрөт. Кудайга шүгүр, 1 уул, 3 кызыбыз бар.

Каныбек мырза: Мен 1962-жылы Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында төрөлгөм. 6 бир туугандын кичүүсүмүн. Жубайым экөөбүз абитуриент болуп тил боюнча даярдыкка барып жүрүп таанышып калганбыз. Ошондо эле көзүмө жакшынакай көрүнүп, көп кыздардын арасынан жылуу учураган. Нуриланы окуп жүргөндө эле жакшы көрчүмүн (күлүп). Сүйлөшүп жүргөндө кызыктуу учурларыбыз көп болгон. Аны далай балдардан кызганып жүрдүм. Акыры үйдөгүлөрдөн үйлөнүүгө уруксат алып, жубайымды кинотеатрга киного алып барып, колума роза көтөрүп сунуш жасагам (күлүп). Ошентип 2-курста баш кошуп, жашап калдык. Мага жубайымдын токтоо мүнөзү, сөзүндө так тургандыгы, өзүн алып жүргөндүгү, жакшы окугандыгы жакчу. Бир тайпада окуп, бир партада отуруп, чогуу жүрдүк.

Жашаганыбызга 35 жыл болду. Ушул күнгө чейин жакшы мамиледебиз. Урушуп-талашып, жөнү жок чырдашкан жокпуз. Бири-бирибизге сый гана көрсөтүп жашап келебиз. Экөөбүз тең англис тилчи мугалим болуп иштедик. 1985-жылы жогорку окуу жайды аяктап, алгачкы эмгек жолубузду Бакай-Ата айылындагы мектептен немис тил сабагынан мугалим болуудан баштаганбыз. Ал учурда Бакай-Атада немистер көп болчу. Кийин жумушубузду Арчагулдан уланттык. Шекер айылына дагы каттап иштедим. Союз учурунда билим системасы жакшы болчу. Бизди жакшы көргөн жана сыйлаган окуучуларыбыз көп. Азыркы күндө дагы кат алышып турабыз. Эмгегибиздин акыбетин көрүп, «Эл агартуунун отличниги» наамын алдык.

Нурила убагында Арчагул айылында активист болуп иштеди. Көп долбоорлор менен иш алып барган. Долбоорлордун аркасы менен айылга бала бакча ачкан. Ал бала бакча азыр жакшы иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×