Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 05.12.2018 10:54

Кара-Буурада 8 айыл аймакка өрт коопсуздугу боюнча айып пулдар салынды

Turmush -  Кара-Буура районунда 8 айыл аймакка өрт коопсуздугу боюнча айып пулдар салынды. Бул тууралуу Талас региондор аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы инспектору Бактыбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, Кара-Буура районуна караштуу мектептерде жана бала бакчаларда өрт коопсуздугун сактоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын негизинде Кара-Буура районунун айыл өкмөттөрүнө талаптар коюлган.

Азыркы учурда Бакайыр айыл аймагына караштуу М.Чалданбаев орто мектебине өрт кырсыгын эскертүүчү коңгуроолор орнотулду. Ага сарпталган 150 миң 993 сом каражат ата-энелер жана айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Мектептин тышкары ушул эле айылда «Мөлтүр» жана «Ийгилик» бала бакчаларына атайын коңгуроолор коюлуп, жалпы 55630 сом короду.

Кара-Буура районунда жалпы 10 айыл аймак болсо, анын ичинен 8 айыл аймакка кетирилген кемчиликтер боюнча айып пулдар салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×