Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 05.12.2018 15:06 На русском

Таласта кылмышка шектелген адамды кыйнаган делген айып тагылган 2 милиционер камакта отурат

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрда Талас шаарында Бүткүл дүйнөлүк адам укуктары декларациясынын 70 жылдыгына карата тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусундагы өкүлү Нурлан Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага укук коргоо органдарынын, соттун кызматкерлери катышты. Алар ар бир мекеме эмне иш аткарып жатканы жөнүндө маалымат беришти.

«Былтыр бизге 5 арыз түшкөн. Анын төртөөсү кыскартылып, 1 иш тергелип, бирок бүгүнкү күндө токтоп турат. Ал эми быйылкы 11 ай аралыгында бизге 4 арыз түштү. Иликтөөдөн соң анын экөө кыскартылып, бүгүнкү күндө 2 иш тергөөдөн өттү. Анын бири кыйноо деген берене боюнча болду. Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдик тобунун кызматкерлери бир маалымат боюнча бир жаранды кыйнап, ишти мойнуна алдырабыз деп денесине ар кандай залакат келтиришкен деп айыпталып, иш сотто каралып жатат. 2 кызматкер бүгүнкү күндө убактылуу кармоочу жайда.

Экинчи иш жаңы эле түштү. Ал жакта тергөө учурунда психологиялык кысым болуп, тергөө иштеринде мыйзам бузуу болгон деп түштү. Бүгүнкү күндө бул иш, аскердик прокуратурада иликтенүүдө. Кыйноолорду, адамдардын укуктарын бузууну алдын алуу максатында биз тараптан убактылуу кармоочу жайларда, студенттерге семинар өтүп, лекцияларды окуп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×