Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.12.2018 16:03 На русском

Айыл турмушу: Өнөрлүү үй-бүлөдө өскөн Чолпон Токтогул кызы комузда кол ойнотуп, ыр жазат (сүрөт)

Turmush -  Чейрек кылымга жакын убакытта мугалимдик кесипти аркалап, кээде комузда кол ойнотуп, поэзия саптарын жүрөгүндө жашырган 41 жаштагы Токтогул кызы Чолпон Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну. Анын көп кырдуу таланты, аруу тилеги, педагогикалык чеберчилиги, жан дүйнөгө жаңырык жасоо аракеттери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өмүр бою элге өнөр тартуулап, театрды куттуу үйүнө, сахнасын бейиш төрүнө айланткан атасы Токтогул менен апасы Дилдекандын кош жылдыздай таланттарын эстегенде Чолпондун балалык, жаштык курагы көз алдына тартылат. Ош облусунун Алай районунун Гүлчө аймагы эс-туюмуна түйүлүп, кызыл-тазыл гүлдөрүнөн куурчагына бантик такканы, агаларына кошулуп тал чыбыгын тулпар кылып чапканы эски ырдын обонундай, балалыктын бүтпөс тасмасындай дилинде жаңырат, өмүр дайрасында агылат. Ал күндөрүн, балалыкка бөлөгөн сезимдерин, өмүр башатынан түптөлгөн дүйнө таанымдарын кумарлануу, куштарлануу, канаттануу менен дил азыгына сиңирип, сыймыктана сөз козгойт.

«Атам менен апам куштун кош канатындай бири-бирине дем, күч берип сахнадан түшпөй кызмат өтөштү. Аалы акын жазгандай "өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" дегендей элине кадыры, таасирдүү таланты сиңдиби, өнөр баккан журту өмүр жолун бааладыбы, айтор атамдын атынан Ажыбаев Токтогул атындагы Алай элдик драма театры аталышы, кимге кандай, ал эми биз үчүн нар көтөргүс сыймык. Дал ушундай үй-бүлөдө, 5 бир тууган тарбияландык. Токтогул кызы Чолпон болуп жүргөнүмө, 6 балалуу ардактуу апа аталганыма, балдарга билим берип, тарбия бешигин терметкениме шүгүр дейм. Окуткан балдарымды карап отуруп эсиме түшөт. Атам режиссер, актер, артист эле. Алар сахнадагы көрүнүштөрүн тартуулап, тыныгуу жарыяланганда "Карагатты" ырдап эл алдына чыкчумун. Так секирип бийлеп да кетчүмүн. Тартынуу, уялуу деген сезим анда түк болгон эмес экен. Баламын да, ырда десе ырдап, токто десе токтобой микрофонду талашып... Ойлосом күлкүм келет. Кийин музыкалык мектептен комуз классында билим алдым. Комуздун кылы тынбады. Кайда жүрсөм колдон түшпөй, билген күүмдү кайра-кайра чертип каадалуу адамдай кол ойнотсом үйдөгүлөр күлүп жыргап калышчу.

Жашымда тентек болгон окшоймун. Негедир менин эсиме балалык күндөр келе берет. Балдарыма да айтып, күлдүрүп коем. Сөз баштаганда эле "апамдын бүтпөс дастаны", "байыркынын жомогу", "керемет бөбөк" дешип каткырып жатып калышат. Ооба, аларга жомок. Бирок мен үчүн реалдуу жашоом. Мен жогорку билимдүү мугалиммин да. Болгонда да 2 миңден ашуун окуучулары бар, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн, көп улуттуу Кара-Балта шаарындагы №1-орто мектепте кыргыз тилинен сабак берем. Ошондонбу, же табиятымданбы, айтор балдарыма да баскан жолумду айта жүрүүнү эп көрөм», - деди мугалим.

Үйдө бала, мектепте билим бешигин терметкен Токтогул кызы Чолпон үлгүлүү үй-бүлөнүн куту. Казан кармап, от жагат. Коломтосу өчпөгөн ырыс чачкан үйүндө дасторкону ар убак жайылуу. Табит татымын арттырган Өзгөндүн же Баткендин күрүчүнөн бышырылган ашын, этнотамак болгон бешбармагын же даамдуу оромосун тартуу кылып, конокторун күзөткөнү өзүнчө адеп-ыймандын, туу туткан каада-салттын, түбөлүктүү элдик жөрөлгөлөрдүн касиеттеринин түндүгүн көтөрүп тургандай. Кайда болбосун күлүп-жайнап, уул-кыздарынын жетилип, алды студент, бири Казанда окуп жатканына жетине албайт. Жолдошу Мирлан ички иштер кызматында иштеп, тарбиялоонун түрдүү сырларын билгенине, үй-бүлөгө күйүмдүү ата экендигине кубанат. Өзү тектүү, өнөрлүү, талант кадырын билген үй-бүлөдө жетилгенине сыймыктана сөз сандыгын ачат.

«Кээде түркүн ойго чөмүлөм. Бийлик, байлык бутактары адамзатты неге өзүнө тартып алат?... Түшүнүп, түшүнбөй да келем. Анан ал темада ыр да жазып коем.

Байлык эмне?

Биринчиси өмүр жана ден-соолук,
Экинчиси ата-энем, бир тууган.
Үчүнчүсү балдарымдын бактысы,
Төртүнчүсү жолдошумдун жакшысы.
Турмушумдун төрт тарабын курчаган,
Булар менин өмүрүмдүн сакчысы.

Адамдарга эмне жетпейт дүйнөдө,
Өмүрү да, ден-соолук да баары бар.
Дагы мага, дагы мага дегендер,
Бактысы жок, акчасы көп адамдар.
Үч оромсуз чачтарың да өрүлбөйт,
Түн ичинде күндүн көзү көрүнбөйт.
Наристелер байлык менен төрөлүп,
Адамзаты байлык менен көмүлбөйт.

Ушинтип ыр түрмөктөрүн жаратып коём. Кара сумкамда "камакта" жатышат. Бирөөсүн сиз жарыкка чыгардыңыз. Эми калганы да кудай буюрса... Баса, атам, апам бизди үй-бүлөбүз менен театрга катыштырган күндөрү болгон. Эсимде “Карагул ботомду” элдик театр сахналаштырып жаткан. Атам мергенчи, апам кемпири, байкелерим улактар болушуп, Нурбек байкем Карагулдун ролун укмуш аткарган. Аткаруу чеберчилигинин күчүбү, окуянын турмушу өзөгүнөн жаралганыбы, айтор залдагы көрүүчүлөр кадимкидей шолоктоп ыйлашчу. Мен да көз жашымды көлдөтүп... Кызык экенмин. Мындай окуялар көп. Чыгармачыл үй-бүлөдө тарбиялануу, жетилүү өзүнчө чоң маданий мектеп. Ата-энемен алган тарбиямды уул-кыздарыма, окуткан окуучуларыма берсем ошол менин бийлигим да байлыгым», - дейт Токтогул кызы Чолпон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×