Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 07.12.2018 08:49

Фото — С.Жээнбеков Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 6-декабрда иш сапар менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барып, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген курамдарда өттү, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйыны 2019-жылдын май айында Астана шаарында өткөрүлөт. Жыйындын соңунда КМШ мүчө-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу болду.

7-декабрда Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына учуп барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×