Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуТалас району 07.12.2018 09:12

Жеңеке: Таластык Мээрим жеңе жолдошу тортко кошуп алып келген шакекти тагынып жүрөт (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Талды-Булак айылындагы 30 жаштагы Бегалиева Мээрим жеңе кайын энеси экөө жасаган ун азыктарын коноктор мактап жешет. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында чоңойгон. Бой жеткенде өз айылына эле келин болуп калган.

«Жолдошум менен 2010-жылы турмуш кургам. Мен 10-классты окуп жүргөндө жолдошум 11-класс болчу. Ошол кезде жаңы жылдык кечеден таанышып калганбыз. Айылдаш катарында учурашып турчубуз. Көчөнүн башында мен жашасам, жолдошум аягында жашачу. Окуумдан практикага өзүм окуган мектепке чыккам. Ошол кездерде жолдошум мага көз салып жүрчү экен (күлүп). Кийин 1 жылча сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жолдошум Малик боорукер, токтоо, түшүнүктүү ата.

Жаңы жылда эсте калган сюрприз менен алтын шакек белек кылган. Жолдошум торт алып келген. Демейдегидей торт деп көңүл бурган эмесмин. Торттун үстүндө гүл бар болчу. Гүлдүн үстүндө шакек турган. Мен кооздоп жасап койгон шакеги менен сонун гүл го деп койгом. Кесип жатканда жолдошум шакекти алып майрамыбызды куттуктап берип жатса, «чыныгы шакек беле» деп күлгөм. Ал шакекти азыр да түшүрбөй тагынып жүрөм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле тамак жасоонун сырларын кайын энесинен үйрөнгөндүгүн белгиледи.

«Өзүмдү жаш сезип, көпчүлүк үй жумуштарын кийин үйрөнүп алам, азыр турмушка чыкпайм деп жүрө бергем. Жумуштан чоркок болуп, баарын кайын энемден үйрөнгөм. Жолдошум үйдүн кичүү баласы болгондуктан кайын атам жана кайын энемдер менен чогуу жашайбыз. Кайын энем мени өзүнүн кызындай, мен кайын энемди өз апамдай көрөм.

Жаңы келин болуп барганда лагман тамак жасайын деп камданып, камырын даярдагам. Кыш мезгили болчу. Тамак ичели деп үйдөгүлөр баары столго келип отуруп калышты. Тамакты куюп, алдыларына берип, кайра келсем таптакыр желбей турат. Көрсө мен камырын шашып эрте чыгарып алыптырмын, бышпай калган экен. Мен үйдөгүлөргө, алар мага эч нерсе деп айта албай эле туруп калганбыз.

Эртеси казанга оромо жасап жатып отту күчтүү жагып жиберген экенмин. Тамак бышып калды деп баарын чакырып алып оромону чыгарсам, күйүп, самсыга окшошуп калыптыр. Ошол күндөн баштап кайын энем жардамга келип үйрөтүп, азыркы күнгө чейин чогуу даамдуу тамактарды жасайбыз. Кыздарыбыз булочка, печенье, хворост, ундан жасалган жана башка азыктарды жакшы көрүшөт. Кайын энем экөөлөп көп жасайбыз. Даамдап кеткендердин баары макташат. Күн ара жасап жүрүп бул ишке чебер болуп калып, өзүбүз рецепт ойлоп тапкан учурлар болот. Коноктор да жасалышын сурашат», - деди ал.

Мээрим жеңе 3 кыздын апасы.

«3 кызыбыз бар. Жолдошум «уулубуз жок» дебестен, «мени бейишке чыгарасың» деп сооротуп коет (күлүп)», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×