Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Токмок 07.12.2018 09:57

Айыл турмушу: 55 жаштагы оор атлетчи Азизбек Куйкеевдин спорттогу ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  55 жаштагы Азизбек Куйкеев 35 жылдан бери спорт менен машыгып келет. Ал быйыл штанга көтөрүү боюнча ардагерлер арасындагы мелдеште эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Спортчу 1963-жылы Тогуз-Торонун Казарман айылында төрөлгөн. Учурда Токмок шаарында жашап жатат. Ал үй-бүлөлүү 2 уул, 2 кыз жана 6 неберенин атасы.

«Быйыл Каныбек Осмоналиев уюштурган мелдеште штанганы 95 жолу булкуп, 115 ирет силкип көтөрдүм. Бул дүйнөлүк көрсөткүчтө эң жогорку көрсөткүч экен. Испанияда өткөн дүйнөлүк биринчиликте бир спортчу эң көп делинген көрсөткүчкө жетсе, Кытайдагы мелдеште спортчу штанганы 80 булкуп, 100 ирет силкип көтөргөн. 55-59 жашка чейинкилер арасында меники эң жогорку көрсөткүч деп эсептелет», - деди ал.

Азизбек Куйкеев Малайзияда 92 жаштагы аталар менен 83 жаштагы апалардын штанга көтөргөнүн көрүп таң калган.

«Штанга көтөрүү менен дүйнөнүн булуң-бурчу активдүү машыгып башташты. Негизи Америка, Япония, Корея өлкөлөрүндө машыккандар өтө көп. Малайзияга барганда 90-92 жаштагы аталар штанга көтөрүп, машыгып жүргөнүн көрүп таң калдым. Ал эле эмес 80-83 жаштагы апалар да машыгат экен. Мен Кыргызстанда да дени сак ардагерлер көбөйсө экен деп ойлоном. Буйруса жакынкы жылдары дүйнөлүк биринчиликтерге катышам деген үмүтүм бар. Өзүм эл аралык даражадагы калысмын. Эмки жылдан баштап Азия оюндарында жаштар арасындагы мелдештерге калыс болуп барам деп үмүттөнүп жатам», - деди ал.

Азизбек мырза спорт менен аскерге барганда машыгып баштаганын да кошумчалады.

«Аскерде 2 жыл машыгып келип, Кыргызстандын курама тайпасына мүчө болдум. 1984-жылы Кыргызстандын чемпиону болдук. Ыраматылык иним да штанга көтөрчү. Экөөбүз Нарын облусунда оор атлетиканы биринчилерден болуп уюштурдук. Анда Казарман Нарынга карачу. Кийинчерээк союз тарап, элдин көбү кыйыналып, эки жакка жумуш издеп жөнөй башташканда мен дагы Чүйдүн Токмок шаарына келип отурукташып калдым. Өзүм 1990-жылы дене тарбия институтун бүтүргөм. Ошондон бери дене тарбия мугалими жана машыктыруучу болуп иштеп келе жатам», - деди ал.

Ардагер спортчу өзүнүн ийгиликтерин да айтып берди.

«2013-жылы Бишкек шаарында Азия чемпионаты өткөн. Ошондо ардагерлер да катышат деп калышты. Айткандай эле Тажикстан, Моңголия, Сирия жана башка 18 өлкөдөн спорттун ардагерлери келип катышып, Кыргызстандын атынан эки спортчу чыкканбыз. Анда жеңишке жетип, ушул эле жылдын күзүндө Малайзияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышып, ал жактан алтын медаль алып келдим. Кийинки жылы Азербайжанда өткөн дүйнөлүк кубокто 2-орунду алып, андан соң Япониядан күмүш медаль алып келдим. Швецияга бардым, Россиянын биринчилигине катыштым. Быйылкы жылы дүйнөлүк, Азия чемпионаттарына катыша албай калдым. Буга акча каражаты себеп болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×