Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 07.12.2018 14:40 На русском

Таластагы музейге 10-12-кылымдарга таандык делген 30 литрлик кумура тапшырылды (фото)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылындагы «Манас Ордо» комплексиндеги музейге 10-12-кылымга таандык кумура тапшырылды. Бул тууралуу музейдин илимий кызматкери Бообек Түлкүбаев билдирди.

Анын айтымында, кумураны Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылынын тургуну Айдарбек Бейшенов өзүнүн үлүш жеринен тапкан. 10-12-кылымдарга таандык деп болжолдонгон идиш хумчи деп аталган чоподон жасалган. Анын бетинде тоо текенин сүрөтү жана арабча жазуу бар. Кумуранын бийиктиги 63 см, туурасы 38 см болсо, оозунун диаметри 21 см. Ичине 30 литр суу батат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×