Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуМанас району 09.06.2018 21:00 Жаңыланды: 09.06.2019 21:00

Жеңеке: Манастык Айгерим жеңе жолдошун тойдо бир көргөндө эле жактырып, 3 күндөн кийин турмушка чыккан (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Арал айылындагы 31 жаштагы Алымбаева Айгерим жеңе жолдошун бир көрүп эле жактырып калган. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылында туулган. Жолдошу Кубатбек Тилаев экөө 2005-жылы ноябрь айында баш кошуп, Арал айылына келин болуп келген.

«Мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы орто кесиптик окуу жайлардын биринде тигүүчүлүк боюнча окуп калдым. 2005-жылы аталаш эжем Арал айылына келин болуп келип, сиңдиси катары аркасынан жеңелерге кошулуп кууп келгем. Ошол жерден болочок күйөөмдү жолуктурдум. Аны бир көрүп жактырып калдым десем болот. Анын кыймыл-аракетин, сүйлөгөн сөзүн, турган турпатын бир көргөндө жактырдым. Көрсө экөөбүз бири-бирибизди көз менен түшүнүп жаткан экенбиз. Ал да мени бир көргөндө жактырып, ошол тойдон эле бийлеп жаткан маалда «мен бир үйдүн улуу баласымын, үйлөнө турган учурум келди окшойт, колго түшкөн коёнду коё берген оңобу» деп тамаша айткан. Андан кийин «Чоң кыз, жанатан бери эки көзүм сизден кетпейт. Ушул эле айылда калат окшойсуз. Жездең экөөбүздү бажа кылып коёт окшойсуз» деп сунуш киргизген. Мен унчукпай, ооба же жок деп айта албай күлүп койгом. Арадан 3 күн өткөн соң айылыма барып, аталаш жеңемдин үйүнө мени чакыртыптыр. Барсам ошол жерде тойдо таанышкан, мен жактырган бала жүрөт. Ошентип экөөбүз жеңемдин үйүнөн жакшылап таанышып, ошол жерден эле алып баса берген. Анда мен 18 жашта, жолдошум 25 жашта болчу.

Ошол убакта апам Бишкек шаарына кеткен болчу. Үйдөгүлөрдөн мени угуп калып, ошол замат артымдан кууп келген. Мага «кетесиңби же каласыңбы?» деп суроо узатты. Мен эч ойлонбой «отурам апа, кете бериңиздер» деп жооп бергем», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Биздин айыл салтты бекем кармашат. Келин болуп келгениме 1 ай болбой жатып кайын сиңдим күйөөгө тийип, мен жеңеси болуп аркасынан кууп баргам. Ошол учурда айыл тургундары аябай таң калып, мени жаман көздөрү менен карашкан. Көрсө жаңы келин кыз кууп барбайт экен. Мен жаштык кылып, кыз кууп барган аябай кызык көрүндү окшойт, кайын энеме «бара берейинчи» деп отуруп кетип калгам (күлүп).

Бир күнү жай мезгилинде кечинде жолдошум экөөбүз сыртка чыгып ойноп кеттик. Ошол убакта жолдошум тамдын аркасына басып кеткендей болгон. Мен бурчта суу чачам деп даярданып күтүп турдум. Бир убакта басып келе жаткан дабыш угулуп жатты. Жакындаган маалда астынан бурулуп чыгып, бир челек сууну башынан ылдый чачып салдым. Көрсө ал жолдошум эмес, улуу кайын агам экен. Жолдошум башка жактан келе жатат. Мен болсо кайын агамдан кечирим сурай албай же күлө албай качып кеткем. Ошол учурда жолдошума таарынып, «сен экен деп суу чачсам, кайын агам экен» деп кайра аны күнөөлөп ыйлап калгам. Ошол учурда балалык кылып ойногум келген экен. Көпкө чейин ал күндү унута албай, кайын агамдан качып жүрдүм», - деди ал.

Айгерим жеңе учурда 4 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×