Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 12.12.2018 15:48

Шекердеги маданият үйүндө байыркы кылымдарга таандык буюмдар коюлду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы Күркүрөө маданият үйүнө байыркы кылымдарга таандык буюмдар коюлду. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Салкын Карбозова билдирди.

Анын айтымында, маданият үйү капиталдык оңдоодон өттү.

«Анын имараты 2 кабаттан турат. Биринчи кабатында жыйын залы жайгашкан. Анын кире беришинде Шекер айылындагы элдик мураскерлерден чогултулган, илгертеден колдонулуп же катылган, жер айдоо иштеринде же башка жагдайларда табылган буюмдар коюлду. Ал эми маданият үйүнүн экинчи кабатында Ашым Жакыпбеков,Чыңгыз Айтматов, Капар Медетбековдун музейлери жайгашып, алардын колдонгон буюмдары жайгаштырылган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×