Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуМанас району 14.12.2018 23:31

Айыл турмушу: Нурила Кенебаева апасынан үйрөнгөн кол өнөрчүлүктү киреше булагына айлантты (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Сары-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Нурила Кенебаева кол өнөрчүлүк аркылуу киреше табат. Ал бул өнөрдү апасынан үйрөнгөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Чебер айым ушул эле райондун Арал айылында төрөлүп, Сары-Булак айылына келин болгон. Алгач балдарына кийим токуп жүрүп, кийинчерээк бул ишти киреше булагына айланткан.

«Өзүмдүн апамдын колунан аялзатына тиешелүү болгон бардык нерсе келет. Мага да токуганды үйрөттү. Балдарыма кийим токуп бергенимди көргөн кошуналар буйрутма берип башташты. Эмгектерим айылдын ичине тарап, буйрутма бергендер көбөйдү. 10 жылдан бери баш кийим токуп сатам. Ал эми ага керектелүүчү жиптерди базардан 170-180 сомго сатып алам. Убакыт көбүрөөк бөлсөм, бир баш кийимди 2 күндүн ичинде бүтүрөм. Ал эми кооздоп токуу керек болсо, 3-4 күндө даяр болот. Эмгектерим 250 сомдон 500 сомго чейин бааланат. Тактап айтканда кичинекей балдардын баш кийими 250-300 сомго бааланса, чоң адамдардыкы 350-500 сомго чейин сатылат. Бааны мындан жогору койсом эл сатып албайт», - дейт ал.

Нурила айым 4 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×