Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-март
Талас облусуМанас району 17.12.2018 12:37

«Жаркын келечек үчүн кан төккөнбүз»: 93 жаштагы Эрназар ата айылдагы эки согуш ардагеринин бири (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын 93 жаштагы тургуну Эрназар Бодушов 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Ал учурда айыл ичиндеги эки ардагердин бири. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, согушка 7-класста окуп жатканда чакырылган. Балалыгы оор күндөргө туш келип, күнү-түнү иштеп жан багышкан.

«Балалыгым оор күндөргө туш болду. Бала болсок да чоң кишилерден кем калышпай иштечүбүз. Анда бардыгы колхоздун жумушунда эмгектенишет эле. Кичинекей курсактын айынан күнү-түнү иштеп, эптеп жан бакчубуз. Баары согушка кетип, айылда кары-картаңдар, ишке жарамдуу жаш балдар эле калдык. Ал учурда азыркыдай жаш курак менен окуткан мектеп жок болчу. Жашыбызга карабай бирге окуй берчүбүз. Мен өзүмдөн кичүүлөр менен чогуу окудум. 18 жашымда 7-класстын окуучусу болдум.

1943-жылы мен курактуу балдарды согушка чакырып, алып кете башташты. Ошол жылы немистер Сталинградды көздөй келип калган маал экен. Бир нече жоокер ошол жерге бардык. Өмүрүмдө элестетпеген жашоого туш болдум, эки жылда көрбөгөн нерсенин баарын көрдүм. Эч кимдин эч ким менен иши жок. Атышабыз, кармалып калсаң кыйнап өлтүрүшөт. Оор жаракаттарды албасам да, жеңил жаракаттарды алып, аман-эсен жеңиш менен айылыма кайтып келдим. Элдин жашоосу бир аз болсо да тынч өтүп калды», - деди ал.

Эрназар ата ар кандай жумуштарда иштеп жүрүп 25 жашында үйлөнгөн. Жубайы экөө 2 уул жана 2 кыздуу болушкан.

«Жашообуз эл катары жакшы өттү. Экөөбүз тең тамекиде иштедик. Кийинчерээк райондук жумуштарда иштеп, пенсияга чыктым. Балдарыбыз өз ордуларын таап, үй-бүлөлөрү менен бактылуу жашап жатышат. Ал эми жубайым 2001-жылы каза болуп калган. Ошол жылдан бери жалгызмын. Кичүү уулум Нурбек менен келиним Гүлзаттын колундамын. Келиним убагында ысык тамагын берип, жакшы карайт. Өзүм тыңмын, ден соолугум чың, болгону ордумдан туруп баспайм.

Биз көргөн күндү азыркы өсүп келе жаткан жаштарга каалабайм. Биз кыйынчылык жашоону өткөрсөк да, жакшы заманды көрүү буйруптур. Силер кандуу жашоону көрбөгүлө, гүлдөп жаткан заманда тынч жашагыла. Силер үчүн аталар жаркын келечекти түзүп, кан төккөн», - деди ал.

Ал эми ардагердин уулу: «Мен үйдүн кичүү баласы болом. Атам келинчегим Гүлзат экөөбүздүн колубузда. Ден соолугу жакшы, эч жери оорубайт. Тамак ичкен сайын келинине батасын берет. Мени менен кеңешип, акыл-насаатын айтып турат. Айыл ичиндеги эки ардагердин бири», - деди.

Эрназар атанын 10 небере жана 4 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.27% (101)
«Банк Компаньон»
19.29% (38)
«РСК Банк»
12.18% (24)
...
Всего голосов: 197
×