Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-март
Талас облусуМанас району 17.12.2018 22:36

Айыл турмушу: Аскат Добуталиев баккан үндүктөр жаңы жылга жакын 2 миң сомго чейин сатылат (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Сары-Булак айылынын 33 жаштагы тургуну Аскат Добуталиев 5 жылдан бери үндүк багат. Ал кантип киреше табуунун жолун өздөштүргөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Аскат Добуталиев: «Бир кесиптин ээси болбогондон кийин дыйканчылык менен эле алек болуп келем. Ошондой эле мал алып-сатып иштейм. Акыркы 5 жылдан бери үндүк багып, семиртип сатып жатам. Айылыбыз тоолуу, жайыты кенен болгондуктан мал жакшы семирет. Бул өзгөчө үндүктөргө тиешелүү. Алгач 11 баш үндүктүн ар бирин 800 сомдон сатып алгам. Учурда короодо 56 үндүк бар. Жаңы жылга жакын жакшы өтөт. Эти даамдуу, семиз үндүктөр 8 кг чейин эт берет. Бир жуманын ичинде 30 үндүк саттым. Ар бирин 1,5 миң сомдон бааладым», - деди.

Ал үндүктөр кадимки эле жем менен багыларын айтат. Үндүктөргө 2 айда 10 кап жем керектелет. Ал эми жемдин килограммын 12 сомдон сатып алат.

«Короздорду атайын байлап семиртем. Ал эми ургаачыларын жайытка чыгырам. Короздорго караганда ургаачылары бат семирет. Жөжө кезинде ичеги куртка каршы дары берем. Аларды 6 ай болгондо эле сатууга болот. Бирок чоңойгончо жаш баланы карагандай эле багасың. Түйшүгү абадан көп, бирок саткандан кийин эмгегиң акталат. Жаңы жылга жакын 2 миң сомго чейин сатып алышат. Үндүк сатуудан түшкөн киреше менен үй-бүлөмдү багам. Алардын санын көбөйтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Аскат мырза 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.27% (101)
«Банк Компаньон»
19.29% (38)
«РСК Банк»
12.18% (24)
...
Всего голосов: 197
×