Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусу, Талас 11.01.2019 23:27

«Жеңеке»: Таластык жигитке турмушка чыккан Динара эки облуска көпүрө болду (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас шаарына келин болгон 23 жаштагы Динара Асанбек кызы. Ал жолдошу менен университеттен таанышып, эки облуска көпүрө болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Динара 1995-жылы 1-апрелде Нарын шаарында төрөлгөн. Ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

«Жолдошум Алымкул менен университетте окуп жүргөндө таанышып калгам. Ал 5-курста окуса, мен окуу жайга жаңы баргам. Алгач ага-карындаш катары жакшы сүйлөшчүбүз, эмне болуп түгөй болуп калганыбызды түшүнбөй калдык ( күлүп). Мага жолдошумдун ак көңүлдүүлүгү жагат. Таласка келин болушума үйдөгүлөр каршылык көрсөткөн жок. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 4 жыл болду», - деди ал.

Жеңеке келиндик доордогу кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Жаңы келин болгондо аяштарыбызды конокко чакырдык. Жеңил салат жасап жаткам. Шашып кетип туздун ордуна шекер кошуп алыптырмын. Коноктор келейин деп калган. Кайын энеме окуя тууралуу айтсам ал каткырган эле. Ошол эле салатка туз сээп, дасторконго койгон элем (күлүп). Ошондой эле жаңы келин болгондо "өпкө чабуу" жөрөлгөсүнө да таң калгам. Кирип баратканда отургузуп, өпкө чабышат экен. Нарында мындай жөрөлгө жок. Ушул эле айырмачылык болбосо эки облустун салттары окшош эле. Бир жолу кайын эжемдин атынан атап алып, ыңгайсыз абалда калгам. Нарында анча деле тергешпейт. Кайын энем "эжең таарынып калат, экинчи атынан атабай жүр" деген эле», - деди ал.

Динара жеңе учурда 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×