Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуМанас району 19.12.2018 11:09

Айыл турмушу: Манастык Саадакан апа таенесинен үйрөнгөн чеберчиликти кыздарына да үйрөттү (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын 61 жаштагы тургуну Саадакан Батырбекова апа 10 жылдан бери курак курап, чеберчилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Көк-Дөбө айылынын кызы. Жолдошу Абдылда Осмоналиев экөө 1978-жылы баш кошкон.

«Илгери апаларыбыздын бардыгы кол өнөрчүлүк менен алектенип келишкен. Менин таенем чебер айым болгон экен. Шырдак шырып, ала кийиз менен иштеп, кыз-келиндерине үйрөтчү. Мен дагы таенемдин үйүнө барган сайын ойнотпой, жанынан чыгарбай, жумуш кылдырып коёр эле. Балабыз да эсибиздин баары оюн болуп, жумуш кылгыбыз келбей качып кетебиз. «Кийин турмушка чыксаңар керек болот» деп көп айтып калчу. Мага көбүнчө курак курагында үйрөттү.

Кийин турмушка чыгып, балалуу болдум. Балдарым чоңоюп, өз алдынча болгончо бул иш менен алектенген жокмун. Курак курап, буйрутма алып сатып келе жатканыма 10 жылдын жүзү болду. Ушул убака чейин кыздардын себине деп курак курайм. Мага көбүнчө каттама, жылдызча курактагы буйрутмалар көп түшүп турат. 1 төшөктүн курагы 3 күн убакытты алат. Буйрутмадан тышкары Жамбылга алып барып сатып келем. Бир төшөк 300 сомдон 500 сомго чейин сатылат.

Ошондой эле кыздар-балдарыма деп өз колум менен төшөк, жаздык, олпокторду курактарды курап бердим. Таенемден үйрөнгөн чеберчиликтин арты менен 5 баламды тарбиялап чоңойттум. Кыздарым менин жолумду жолдоп иштүү айымдар болушту. Курак куроо менен такай эле отурбайм. Кышкы мезгилде буйрутма алып иштейм. Бул дагы өзүнчө бир кесип. Кызыгууң бар болсо бардык нерсени оюндагыдай кылып жасайсың. Кездемелер кардарларыман келет. Кездемелерге жараша кымбат же арзан деп буйрутма алам. Бирок айыл ичи болгондуктан кымбат баа туура келбейт», - деди ал.

Саадакан апа 5 баланын, 13 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×