Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуМанас району 24.12.2018 13:55

Айыл турмушу: Манастык Алтынай үй шартында тортторду жасап сатууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылында чоңойгон 22 жаштагы Насипбек кызы Алтынай тортторду жасап сатып иштеп жатат. Аймактык кабарчы ишкер кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таласта жаштар үчүн чакан кофетерий ачкысы келет.

«3 жылдан бери торт жасоо боюнча алектенем. Өзүм торт жасаганды окуп үйрөнгөн эмесмин. Дээримен болуш керек, бат эле үйрөнүп кеттим. Негизи бала кезимден торт жасоого кызыгам. Башында үйдөн майда-чүйдөлөрдү жасап, ортодо Талас шаарындагы торт жасаган кондитердик ишканага кирип, кичине тажрыйба алып калдым. Кийинчерээк шартка байланыштуу үйдөн жасап калдым. Азыркы учурда үйдөн жасайм. Көбүнчө буйрутма берген адамдын талабына жараша жасап берем. Үй шартында жасагандыктан каймак эле керек. Аларды туугандарымдыкынан алам. Калгандарын өзүм жасайм. Баалары 280 сомдон өйдө. Сыртындагы жасалгаларына карата баалап берем.

Үйдө болсо ата-энем колдоо көрсөтүшүп, каражат жагынан жардам берип турат. Өзүм Бишкектеги И.Раззаков атындагы КМТУда сырттан окуп жатам. Үйдөгүлөр кийин мага «цех ачып беребиз» деп айтышат көбүнчө (күлүп). Ал эми туугандар арасында колдогондор көп. Жаңы жасап жүргөндө жеңелерим аябай таң калышчу. «Рецептерип бербейсиңби» деп сурашчу. Аларга айтсам алардыкы меникинен башкача болуп калат. Анан тамашалашып «сен бизге туура эмес рецепт берип койгонсуң го» деп калышат», - деди ал.

Алтынай үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×