Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуБакай-Ата району 27.12.2018 11:40

Жубайлар: Бакай-аталык мугалим жубайлар Бакей ата менен Артыкбү апанын алгачкы окуучулары аксакал болуп калышты (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы 75 жаштагы Бейшекеев Бакей ата менен 73 жаштагы жубайы Бейшекеева Артыкбү апанын бирге түтүн булатып келе жатканына 53 жыл толду. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, жаш кездеринде мамлекеттик кызматтарда эмгектенишкен. Педагог болуп иштеп, балдарды тарбиялашкан.

Бакей ата: Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында төрөлгөм. Ата-энебиз менен 1958-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылына көчүп келгенбиз. 1965-жылы педагогикалык институтту бүтүп келип, алгач айылдагы орто мектепте орус тили жана адабият сабагынан мугалим болуп эмгек жолумду баштагам. Кийин директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп дайындалдым. 1972-жылы декабрь айында Манастагы Кара-Суу мектебинде директор болуп иштедим. 4 жылдан кийин Ынтымак айылындагы орто мектепте директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп эмгектендим. Тартип темирдей бекем болчу. Жумушка кечигүү, барбай коюу деген такыр болчу эмес.

Кийин Түптөгү зооветеринардык техникумду ийгиликтүү аяктап, 1981-жылы сельсовет болуп эмгектендим. Эмгегим бааланып, «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы» деген наамга ээ болдум. Андан кийин жумушка орноштуруу боюнча жетекчи болуп бир нече жыл иштеп, 2007-жылы пенсияга чыктым. Эмгегимдин аркасы менен райондук, облустук сыйлыктарга ээ болгом. 2017-жылы А.Атамбаев «Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын» ыйгарган. Жалпысынан 52 жылга жакын мамлекеттик кызматтарда иштедим.

Азыр эми тоодогу жерди жашылдандыруу боюнча аракеттерди жасап келебиз. Жерди сактоо боюнча тажрыйбабыздын арты менен 2010-жылдан баштап 5 жолу «Жылдын адамы» деген наам ыйгарышты.

Жашылдандырып, тегеректи курчап, экологияны сактап, терек, алма тигип карап келебиз. Эс алуучу коттедждер курулуп, тамак ичип эс алууга шарт түзүлгөн. Азыр пенсиядамын, бала-бакыралардын жакшылыктарына күбө болуп жүрөм.

Артыкбү апа: Жолдошум экөөбүз 3 жылча сүйлөшүп жүрүп, 1965-жылы турмуш курганбыз. Жолдошум ак көңүл, сөзүнө бекем, ишине так, жоопкерчиликтүү. Ал педагогикалык институтту бүтүп келгенден кийин баш коштук. Ошол кездерде унаа аз болчу. Мени Эсенбек Дүйшеев деген адамдын унаасы менен алып келишкен эле.

Мен 7-классты бүткөндөн кийин айылда орто мектеп жок болуп, 8-9-классты коңшу Кызыл-Октябрь айылына каттап окудум. Ал жакка кыздар менен велосипед тээп барып келчүбүз. Кийин Ынтымак айылында мектеп ачылып калып, кайра 11-классты ушул айылдагы мектептен бүттүм.

И.Арабаев атындагы педагогикалык институтту бүтүп, өзүм окуган жерге келип иштедим. Өмүр бою башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектендим. 1992-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алгам. 1997-жылы акыркы 4-классымды бүтүрдүм. Бүтүргөн окуучуларыбыздын алды 50 жаштан ашып, аксакал, байбиче болуп калышты. Жолукканда «эжей, агай» деп салам берип турушат. 10-20 жылдыктарда чакырып турушат.

Алар учурашса сыймыктанып калабыз. Көзүбүзгө ошол балдар жакшынакай көрүнүшөт. Ар бир классты бүтүрүп жатканда ушунчалык ичим ачышып, мүнөздөмө жазып жатып ыйлап алчумун (күлүп). Ошондо тартиптүү балдар көп эле. Аларды дагы өз балдарымдай көрчүмүн.

Кайын атам жана кайын энемдер менен 4 жылга жакын чогуу жашап, кийин бөлүнүп жашадык. Алар акылман кишилер эле. Жолдошум 6 эркек жана 3 кыз бир тууган болчу. Чарбактын башынан буудайды чаап кеткен жерди тырмап, бакал алып келип казанга нан жасачумун. Кийин орус печка деп койчубуз, ал пайда болгондо ага сүйүнүп нан жасачубуз. Ошол кездеги нандар да даамдуу эле.

Жолдошум дагы өмүр бою кызматта жүрдү. Бирге иштешкендери баары жолдошумду тартипти бекем кармаган инсан катарында билишип, алгылыктуу иштерин баалашчу. Дайыма галстук, аппак көйнөктөрүн даярдап койчумун. Галстукту көчөдөгүлөр келип мага түйдүрүшчү. Азыр небере балама үйрөтүп койгом.

Кудайга шүгүр, келинибиз дагы мугалим. Учурда Э.Капалов атындагы ушул айылдагы мектепте эмгектенип келет. Келиним бардык ишимди улап кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×