Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-март
Талас облусуБакай-Ата району 27.12.2018 09:42

Жаш талант: Бакай-аталык Абдулмалик интернеттен карап, ар кандай сувенирлерди, оюнчуктарды жасайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылынын 13 жаштагы тургуну Алтынбек уулу Абдулмалик 2 жылдан бери жыгачтан, катуу кагаздан ар кандай буюмдарды жасап, сынактарга катышып келет. Аймактык кабарчы жаш уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 7-класста окуп жатат.

«Башында кол эмгек деген сабактан ар нерселерди жасап жүрүп, кызыгуум артып калган. Мурда атам дагы көп нерселерди жакшы жасачу экен. Азыр мага дагы жардамдашып калат. Жыгачтан, жука тактайчадан, картондон сувенирлерди, оюнчуктарды жасап жүрөм. Жасагандарымды досторума, ар кимге берип коём. Кызыгып сурап калышат. Ар кандай нерселерди жасаганды мектептен кол эмгек сабагын окуткан эжеке үйрөтөт. «Мындай жасап келгиле» деп багыт берет. Үйгө келип жасап, биринчи үйдөгүлөргө көрсөтөм. Мен каалагандай болуп жасалганда ырахат алам. Картондон жасаган буюмдарды 1 күндө бүтүп коём. Жыгачтан жасагандар колду кармайт. Эң негизгиси материалдар даяр болушу керек.

Мектептер аралык сынактарга катышып жүрөм. Буйруса чеберчилигимди дагы өркүндөтүп, устакана ачып, үй шартына керектүү жана колдоно турган буюмдарды жасап, чоң көргөзмөлөргө катышсам дейм», - деди ал.

Апасы Бегайым Абдраимованын айтымында, баласы бош убактысы болсо эле буюм жасоо менен алектенет.

«Абдулмалик сыналгыданбы, китептенби, көргөнүн кызыгып жасай берет. Кол өнөрчүлүк атасынан өткөн. Баламдын мүнөзү тамашакөй жана токтоо. Үйдөн бош убактысы боло калса эле устачылык менен алектенет. Мындан башка тегеректеги балдардын телефондорун оңдоп берип коёт. Кызыктуу көп нерселерди жасап, аларды досторуна, туугандарына берип салат. Ойлоп тапкычтыгы күчтүү. Ата-эне катарында Абдулмалик кандай эмгек кылбасын ишине жардам берип, колдоо көрсөтүп турабыз. Термоклей дегенди деле билчү эмеспиз. Абдулмалик интернеттен көрүп, бизге клей жана башка керектүү материалдар керек деп айтты. Биз болсо сатып алып келип беребиз. Урушпай, кызыккан нерсесине түрткү берип турабыз. «Чоңойгондо программист болом» деп жүрөт. Келечегинен көптү күтөбүз. Сабактарына дагы жана бизге дагы жардам берип жетишет», - деди апасы.

Абдулмалик үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.27% (101)
«Банк Компаньон»
19.29% (38)
«РСК Банк»
12.18% (24)
...
Всего голосов: 197
×