Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Талас облусуТалас району 28.12.2018 10:30 Жаңыланды: 13.03.2019 09:21

Айыл турмушу: Таластык уста Р.Рыскулов көк бөрүчүлөр үчүн кыргыз жана орус ээрлерди жасап сатат (фото)

Turmush -  Талас районундагы Ак-Жар айылынын 41 жаштагы тургуну Рамис Тургунбаев 10 миң сомдук ат жабдыктарды жасап келет. Аймактык кабарчы устанын жасаган эмгектери менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкты өз алдынча үйрөнгөн.

«Мен үй-бүлөдө 8 бир тууганмын. 4 уул, 4 кызбыз. Балдардын улуусу менмин. Биздин ата-тегибизде устачылык жок экен. Үйдөн мен эле устачылык менен алектенип келем десем болот. Бул менин жеке кызыгуум болду. Өзүм бала кезимден бери бир нерселерди жасоо менен убара боло берчүмүн. Кийин биротоло ат жабдыктарын жасоого өттүм. Ат жабдыктарын жасоону чоң усталардан көрүп үйрөнгөм. 15 жылдан бери жасап жүрүп такшалып калдым десем болот. Учурда 10 миң сомдук ат жабдыктарды жасайм. Жума сайын базарларга алып чыгып, сатып келем. Андан сырткары Казакстандан, Оштон буйрутмалар түшүп турат. Көбүнчө кеч күздөн жаз айларына чейин ат жабдыктарын жасоо менен алектенем. Ортодо жайкысын эле эс алмай бар. Ал учурда өзүмө бөлүнгөн жерди иштетип, дыйканчылык менен алектенем.

Азыркы учурда көк бөрүгө деп жасатып кетишкендер да көп болууда. Негизи кыргыз жана орус ээрлерди жасайм. Кыргыз ээрлер жыгачтан жасалса, орус ээрлер темирден жасалат. Темирдин 1 метрин сапатына жараша 200 сомго чейин сатып алам. Азыр көпчүлүк улакчылар орус ээрлерди жасатып кетишет. Ал эми жүгөндөрдү кайыш жана атайын жиптер менен токуйм. Кайыштын бир оролгонун 3,5 миң сомдон сатып алсам, жиптерди 800 сомдон сатып алып жасайм. Кайыш менен өрүлгөн жүгөндүн ичине өзөк салынып, кол менен тигилип жасалат. Ал убакытты көп талап кылат. Жип менен өрүлгөн жүгөн 1 миң сомго чейин бааланса, кайыш менен өрүлгөн жүгөн 2,5 миң сомго чейин сатылат. Ал эми камчылар 600 сомдон 800 сомго чейин сатылат. Ошондой эле кыргыз ээрлер 5,5 миң сомдон сатылса, орус ээрлер 3 миң сомдон сатылат.

Айыл ичинде кээ бир кызыккан жаш жигиттер келип, менден үйрөнүп кетишет. Аларга колдон келген жардамымды бергенге аракет кылам. Ат жабдык жасоону ар бир эр жигит билиши керек деп ойлойм», - деди ал.

Рамис уста 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.23% (585)
«РСК Банк»
30.75% (373)
«Капитал Банк»
7.58% (92)
...
Всего голосов: 1213
×