Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 03.01.2019 09:05

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык балбан М.Үсөнов чет өлкөлөргө чейин барып, мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында төрөлгөн 23 жаштагы Манас Үсөнов грек-рим жана белбоо күрөшү боюнча машыгып, чет жакта дагы ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, спорт менен мектеп жашынан бери алектенет. Учурда 50-60ка жакын медалдын ээси.

«Спортко катышып калышыма атам түрткү болгон. Атам балдар менен күрөштүрүп, спортко алып барган болчу. 6-класстан бери көптөгөн ийгиликтерди жараттым. Мектептер арасында, коңшу айылдар арасында грек-рим күрөшү менен күрөшүп, көптөгөн жеңиштерге жеттим. Райондон 10-15 жолу чемпион болгом. 2008-2013-жылдар аралыгында Бишкекте өткөн эл аралык турнирлерде 2-3-орундарды алгам.

Окуучу кезимдеги эң чоң күрөшүм 2012-жылы болгон. Бишкекте Д.Ахметовдун элесине арналган турнирди утуп, Москвада өтүүчү эл аралык сынакка катышкам. Андан кийин мектепти бүтүп, аскерге бардым. Аскерден келип, Бишкектеги аскер институтунда окудум. Ал жакта 1 жыл окуп, машыгып жүрдүм. Сырт жактарга дагы чыгып келгем. 2017-жылы Москва шаарына барып күрөшүп келгем. Ошол эле жылы Астанада өткөн белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышкам. Быйыл Татарстандын Казань шаарына барып, белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттан 3-орунду алып келдим. 1 жума мурун Ирандын Ардебиль деген шаарына барып, грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк клубдар арасында чемпионатка катышып келгем», - деди ал.

Балбан мындан тышкары спорттогу кызыктуу окуяларын эскерди.

«Жаңы машыгып жүргөндө мелдештен биринчиликти алып, өзүмдүн спортчу сезип, аябай кубангам. Ал мелдешке агам экөөбүз чогуу катышканбыз. Ал утулуп калганда аябай сүйүнгөм (күлүп). Быйыл Иранга барганда англисче билбей аябай кыйналдык», - деди ал.

Манас мырза үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×