Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 01.01.2019 13:03

Жаңы жылда эң алгачкы ымыркай Кара-Буурада төрөлдү

Turmush -  Жаңы жыл түнү Кыргызстандын аймагында 292 ымыркай жарыкка келди, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Алардын ичинен 142 ымыркай уул болсо, 150 ымыркай кыз бала.

Жаңы жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Таластагы Кара-Буура райондук төрөт үйүндө 4,2 кг салмакта уул бала, ошондой эле Нарындагы Ак-Талаа жана Кочкор райондорунда 2,995 кг салмактагы кыз балдар төрөлдү.

Ал эми Бишкек шаарында жаңы жыл түнү 66 ымыркай, Ош шаарында 16 ымыркай жарыкка келди. Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилованын маалыматы боюнча, алардын ону эркек болсо, алтоо кыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×