Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 03.01.2019 10:45

Бакай-Атанын Көк-Таш айылында бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Жаңы жылдын астында Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында Момунтаева Салика апа атындагы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, мекеме 50 орунга ылайыкташтырылган. Анын ачылыш аземине райондун, облустун жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Окуя тууралуу:

2018-жылдын июль айында Көк-Таш айылынын тургуну Айдар Момунтаев бала бакча куруу үчүн өзүнүн жер тилкесин бергендиги кабарланган.

Анын айтымында, жерди бала бакча үчүн берүү ата-энесинин каалоосу болгон.

«Биздин айылда 300гө жакын үй-бүлө жашайт. Айылда бала бакча жок болгондуктан 60ка жакын баланы кошуна айылга кезектешип ташыйбыз. Апам көзү тирүүсүндө айылга бакча ачылса жакшы болот эле деген тилеги бар эле. «Ушул жерди берсең» деп айтып калчу. Анан бала бакча куруу үчүн жер тилке табылбай калганда өзүмдүн чарбагымды бердим», - деген ал.

Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов аталган тилкеде бала бакчанын курулушу башталгандыгын айткан.

«Быйыл районубузда 3 бала бакча курулуп жатат. Боо-Терек айылында 100 орундуу, Көк-Таш айылында 75 орундуу, Кең-Арал айылында 50 орундуу бала бакчанын имараттары курулууда. 3 бала бакчанын жалпы бюджеттик баасы 7 млн сомго жакын болду. Кең-Арал айылындагы бала бакча демөөрчүлүк жардам менен курулуп жатат. Көк-Таш айылы менен Боо-Терек айылындагы имараттар Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жатат», - деген аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×