Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуТалас району 04.01.2019 16:11

Жубайлар: Совет ата Ширинбүбү апаны биринчи жолу тегирменден көргөндө эле жубайы болорун билген (фото)

Turmush -  Талас районундагы Арал айылынын 85 жаштагы тургуну Медетов Совет ата менен жубайы Медетова Ширинбүбү апа экөөнүн түтүн булатып келе жатканына 60 жылдын жүзү болду. Аймактагы кабарчы жубайлар менен таанышты.

Совет ата: Мен 1933-жылы Арал айылында төрөлгөм. Ата-энемден эрте ажырап, кичине кезимде эле жетим калып, аталаш эжемдин колунда чоңойдум. Ал убакта бардык жумушту кол менен бүтүрчүбүз. Ошондой күндөрдүн биринде айылдын этегинде суу менен иштеген тегирменге буудай тарттырганы барып калдым. Ал жерге жубайым Ширинбүбү да курбу кыздары менен эс алууга барышыптыр. Ал кезде мен аскерден жаңы келип, 24 жашка чыккам. Үйлөнө турган убагым келип, кыз издеп жүрдүм эле. Ширинбүбү курбу кыздарынан айырмаланып турчу. Көргөндө эле менин болочоктогу жубайым болоруна ишендим. Эжем менен акылдашып, Ширинбүбүнүн ата-энесинин алдынан өтүп, макулдугун алып, бир айылдан экинчи айылга тоонун кыры менен атты бастырып барып алып келгем. Ал күндөр азыр да көз алдымда турат.

Ширин кандай жумуш болбосун так аткарып, адамдар менен жакшы мамиледе болуп, мурункудан да жүрөгүмдү жылытты. Экөөбүз ээрчишип, колхоздун малын бактык. Ошол убакта колхоздо өзү жалгыз 20дан ашык уйду саап, саанчы болду. Бири-бирибизге арка-бел болуп, балдарга жакшы тарбия берип, жогорку билимдүү кылдык.

Ширинбүбү апа: Мен бул үйгө 19 жашымда келин болуп келдим. Жолдошум жетим бала болгондуктан эжемдин колуна келип, аны апа деп үйрөндүм. Өзүм бир үйдө жалгыз кыз болуп, апам мага бары-жокту үйрөтүп чоңойткон. Үй тиричилигинен эч кыйналган жокмун. Жолдошум экөөбүз тоого чыгып, колхоздун уйларын карап, саанчы болуп эмгектендик. Саанчылыгым үчүн 10 сомдон айлык алчумун.

Кудай бизге 10 бала берди. Бирок кайра бергенин колдон алып, 5 балам көзгө көрүнүп, торолуп калганда чарчап калды. «Баланын туулганына кубанба, турганына кубан» деп бекер айтылбаптыр. Калган балдарымдын амандыгын тилеп эле отуруп калдым. Энеге баланын жамандыгын көргөзбөсүн. Азыр кудайга шүгүр, ордолуу шаар болуп, уул-кыздардын курчоосунда небере жетелеп жүрөбүз.

Жубайлар 5 баланын, 18 неберенин, 1 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×