Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуКара-Буура району 07.01.2019 10:45 Жаңыланды: 11.04.2019 17:50

Айыл турмушу: Кара-бууралык М.Кадырчалов 50-70 кг чейин эт берген асыл тукум койлорду багууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылынын 40 жаштагы тургуну Максатбек Кадырчалов 7 жылдан бери гиссар породасындагы койлорду багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гиссар койлор 50 кг чейин эт берет. Алар 15 миң сомдон жогору сатылат.

«Бала кезимден бери үй-бүлөбүз менен мал багып келгенбиз. Ата-энем өмүр бою мал чарбачылык менен алектенишкен. Ошондуктан малга жакынмын. Породалуу койлорду акыркы 6-7 жылдан бери багып келем. Башында жөнөкөй койдун саны көп болчу. Акырындап ушул породадагы койлорго толугу менен өттүм. Буларды багуу оңой эмес. Аларды жаш баладай кылып карап, тоютунан кем кылбай, өз учурунда ветеринарга көрсөтүп дарылатып турам. Тоютту даярдап алып, жакшылап карасак эмгегибиз акталат. Эт багытында болгондугу үчүн кирешеси жакшы болот. Жөнөкөй койго караганда 2-3 эсе кымбат сатылат. Гиссар породасындагы койлорду баксак дегендер көбөйдү. Жогоруда айткандай эле сатканда кымбат болот. Соода күз айларында күч алат.

Азыркы багып жаткан койлор көбүнчө жаз айларында төлдөшөт. Учурда төлдөгөндөрү козулары менен жылуу жерде багылып жатат. Айыл ичиндеги ар кандай той-топурларга союшка дагы сатып алып кетишет. Түшкөн каражат жакшы. Бул койлор эттүүлүгү боюнча жөнөкөй койлорду астына салбайт. Койлорду 3-4 жашка чейин жакшы багып караса 50-70 кг чейин эт берет. Андыктан асыл тукум койлорду көбөйтүүнү колго алып жатам. Кызыккан фермерлер союш үчүн эмес, көбөйтүү максатында сатып алышат. Мындай койлор сүттүү келип, козусу тез чоңоёт. Ар кандай климаттык шартка жашай берет. Катаал шартта дагы бакса болот. Чыйрак жана чыдамдуу келишет. Көрүнүшү боюнча кулак, башы, буттары дагы узун болот.

Мал чарбачылыктын аркасы менен үй-бүлөбүзгө киреше табам. Массалык түрдө сатпайм, керектүү учурда базарга алып чыгабыз», - деди ал.

Фермер мындан тышкары жылкы жана уйларды багарын кошумчалады. Үй-бүлөдө 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×