Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуКара-Буура району 07.01.2019 12:16

Кара-Буурадагы айыл өкмөттөр арасында көк бөрү боюнча таймаш өттү (видео)

Turmush -  Кечээ, 6-январда Кара-Буура районунун Бакыян айылында көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу айыл башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Кара-Буура районунун айыл өкмөттөрүнүн арасындагы көк бөрү боюнча мелдеш биздин Бакыян айылыбызда өттү. Мелдеш ынтымакты бекемдөө жана облустук чемпионатка тандоо жүргүзүү максатында уюштурулду. Жалпы байге 63 миң сомду түздү. Ошондой эле район акимчилиги улакчыларга 5 миң сом байге сайып берди», - деди ал.

Жыйынтык:

- 1-орун — Бакайыр айыл өкмөтүнүн командасы;

- 2-орун — Шекер айыл өкмөтүнүн командасы;

- 3-орун — Көк-Сай айыл өкмөтүнүн командасы жана Кызыл-Адыр жаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×