Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуТалас району 07.01.2019 17:43

Айыл турмушу: Таластык чебер В.Батырова өзү тиккен кийимдерди тойлорго кийип барып, башкаларды суктантат (фото)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылынын 49 жаштагы тургуну Венера Батырова 25 жылдан бери чеберчилик менен алек болуп келет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балалык чагы Талас районунун Кум-Арык айылында өткөн. 19 жашында Таш-Арык айылына келин болуп келген.

«Кыз бир туугандарыбыздын баары кол өнөрчүлүк боюнча алектенип келебиз. Үй-бүлөдө 4 кызбыз. Апабыз баарыбызга тең кол өнөрчүлүктү үйрөткөн. Өзүм болсо 25 жылдан бери тигүүчүлүк менен алекмин. Айыл ичиндеги буйрутмаларды алып иштейм. Көбүнчө улуттук кийимдерди тигем. Андан сырткары курак курайм, мончок менен жууркандарды тигем. Куракты кыргыз оюмун түшүрүп курайм. Албетте ал курак башка курактагы салыштырмалуу кымбатыраак. Улуттук кийимдерди бом, баркыт кездемелер менен тигем. Кездемелер өзүмөн чыккандан кийин кымбат бааланат. Мисалы улуттук кийимдер 5 миң сомдон, курактар 2 миң сомдон болот. Мончок жууркандарды 1 миң сомдон тигип сатам. Ишим кымбатка баалангандыктан жалаң буйрутма менен иштейм. Көбүнчө кышкы убакта буйрутма алам. Көп адамдар келип көрүп кетишет. Баары жактырышат, бирок баасына карап чыдай албай кетишет (күлүп). Көпчүлүк адамдар аны түшүнүшпөйт. Өзүм жакшы кездемелерге жана сапатына басым жасайм.

Өзүмдүн улуттук кийимдеримди өзүм тигем. Кээ бир тойлорго кийип барып калсам «кайсы жактан заказ берип алдырттыныз эле?» деп кызыгышат. «Өз колум менен тигип кийем» десем ишенишпегендей түр көрсөтүшөт. «Мага дагы өзүңүздүкүндөй кылып тигип берсеңиз» деп көп кайрылышат. Буйрутма алсам 2 күндүн ичинде даярдап бүтөм. Ошондой эле айыл ичиндеги тургундардан кыздын себине, майда кийимдерге деп буйрутма алып турам.

Андан сырткары төшөк кабыйм. Бир төшөк 300 сомдон кабылат. Колуман баардык нерсе келет, баарын тиге берем. Жолдошума деп тебетей тигип берсем, көптөр буйрутма беришип тиктирип кетишти. Ал өтө деле кымбат эмес. Базар баасы менен эле бааланып тигилет.

Күн сайын тигүү машинам менен отура бербей . Бош убактымда үй жумуштары менен алек болом. Качан гана буйрутма келсе машинама отурам. Жолдошум ар дайым колдоп келет. Тиккен кийимдеримди сөзсүз мактайт. Жолдошум экөөбүз чакан тигүү ишканасын ачып, айыл ичиндеги кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылсак деген жакшы максатыбыз бар. Буйруса аракет кылсак баары болот деп ишенебиз», - деди ал.

Венера айым 4 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×