Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуКара-Буура району 08.01.2019 09:13

Жубайлар: Согуштун запкысын тарткан Беккул ата менен Асылкүл апа азыр дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрүп жатышат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы 84 жаштагы Долубаев Беккул ата менен 81 жаштагы Абдалиева Асылкүл апа 63 жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Беккул ата: Мен 1935-жылы төрөлгөм Кайнар айылында. Мектепте 3-класска чейин гана окудум. Балалык чагым согуштун учуруна туш болгон. Баладай болуп оюнкараак болгон жокпуз. Апаларыбыз эмгекке тарбиялап чоңойткон.

1956-жылы байбичем менен баш коштум. 63 жылдан бери бирге жашап келебиз. Байбичемдин ачык айрымдыгы, түшүнүктүү мүнөздөрүн баалайм. Убагында чабан болуп, мал чарбачылык менен алектенип жүрдүк. Кудайга шүгүр, эми балдарыбыздын жакшылыктарын көрүп жашап жатабыз.

Асылкүл апа: Мен Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында 1938-жылы төрөлгөм. Чыңгыз Айтматов менин бир тууган таякем болот. Ал Москвадан келгенде туулган жылымды 1939-жыл кылып жаздырып койгон экен. Таякем менен катташып турчубуз. Ар бир даталуу туулган күндөрүн 60-70 жашка чыкканда белгилеп калчубуз.

Атам согушка кетип келген эмес. Балалыгым согуш жылдарына туш келген. Шекердеги мектепти окуп бүткөм. Абышкам менен 18 жашымда турмуш курдум. Ал кезде ортомчу аркылуу бүлө курчу элек. Бизди жакын туугандар ортомчу болуп табыштырган. Ошол убактан бери ысык-суукка чыдап жашап келгенбиз. Ал убакта улуулар айтышчу жана өзүбүздө дагы намыс деген бар болчу. «Барган жериңден үйгө таарынып келбе, үйдөн чыккан кыз чийден тышкары, кайра келген кыз жаман болот» деп акыл-насааттарын айтышчу. Биз угуп, ошол чектен чыкчу эмеспиз. Азыр акыл-насаат айтсаң асмандап ыргыштап кетишет. Анысы аз келгенсип өзгөчө той берет. Эртеси карасаң «кетип калды» дейт. Бул жакшы эмес.

Абышкам экөөбүз короо-короо мал багып, 25 жыл чабан болуп иштедик. Бирибиздин ачуубуз келгенде экинчибиз унчукпай көтөрө билип, баарын жеңип, эми мына небере жетелеп жүрөбүз. Өткөн күндөргө шүгүр деп отурабыз. Жаман болгон жокпуз. 6 келиндүү болдум. Учурунда мен дагы келин болгом. Болгону бир арманым бар. Кайын ата жана кайын энем жок болду. Алар болгондо сый-урмат көрсөтөт элем дейм. Кудайга шүгүр, 9 балалуу болдук. 3 кыздын бирөөсү кичинесинде каза болду. Бирөөсү кечээ жакында 20 жашка чыкканда 3-курста кайтыш болуп кетти. Абдан жакшы окучу эле. Кудай бергенин ала берет экен. 6 уул жана жалгыз кызыбыз бар. Эми ушулар аман болушсун, балдарыбыздын жакшылыктарын көрүп жатабыз.

Айыл ичиндеги чоң ата, чоң апаларды сүйлөп эле отуруңузчу деп жумуш кылар элек. Ошондой заманда чоңойгонбуз. Айылда Эшен чоң ата бар эле. Апаларыбыз «ушул атанын сөзүн ук, акылман карыя» дешчү. Биз угуп отуруп уктап кеткенде ойготуп, ук деп тарбиялачу. Ата-эненин сөзүн угуп, катуу тартипте тарбия алып чоңойгонбуз. Илгери заман башкача болчу. Биз курактуу жетимдер дагы бар эле. Ошол кездерде апам бир чөнтөгүмө ашкабактын данегин, экинчи чөнтөгүмө семечкени кууруп салып, баштыгыма жүгөрүдөн жасалган нанды салып берет эле. Эшикке чыкканда эле чөнтөгүмдөгүлөр жок болуп калчу. Бардыгын бөлүшүп жечүбүз.

Жаштарга айтарыбыз, сабырдуу болгула. Казан-аяк кагышат, сындырбоого аракет кылгыла. Эшикти катуу жаппагыла кайын атага тийбесин, идишти катуу жуубагын кайын энеге тийбесин.

Беккул ата менен Асылкүл апа уул-кыздарынан 20дан ашык неберелүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×