Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Талас облусуКара-Буура району 08.01.2019 14:11

Эгиздер: Кара-бууралык Нуржигит сабактан түгөйү Нуркыздан кийин гана жооп берет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы 13 жаштагы Нуржигит Карабаев сабактагы суроолорго эгизи Нуркыз Карабаева жооп бергенден кийин жооп берет. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуркыз: Учурда 6-класста окуп жатабыз. Бир көргөн адамдар бизди эгиз деп айтышпайт. Айыл ичи, туугандар арасында таанып-билгендер мени бир аз узунураак дешет. Мектепте кандай иш-чара болбосун алып баруучу болом. Келечекте мен дарыгер болгум келет.

Нуржигит: Мен күрөш боюнча машыгып, турнирлерге катышып жүрөм. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчу болгум келет. Эгиз болгон жакшы, кыйынчылыкты бирге жеңебиз. Нуркыз жакшы окуйт. Сабактан барыбызга жардамга келет. Классташтарыбыздын арасында эгизимдин сөзүн угушат. «Ким класском болот?» десе эле баарыбыз Нуркыз деп турабыз. Азыр дагы класском.

Классташтарыбыздын арасында бири-бирибизге каймана ат коюп алабыз. Нуркызга келгенде «Нуркыз, Нуркыз» деп эле калабыз (күлүп). Каймана ат коё албайбыз, сыйлайбыз. Мектептен кубалашып ойноп калабыз. Нуркызды кубалап бат эле жетип алышат. Ошондо мен «келгиле мен Нуркызды кубалайын» деп айтам. Мен кубалаганда жетпеген киши болуп коём (күлүп).

Апасы Салтанат айым: Кандай кесипти тандашса дагы колдоп беребиз. 4 балабыз тең өздөрү каалаган окуу жайдан билим алышкан. Азыр билимсиз жашоо кыйын болуп бара жатат. Жакшы окугула, келечекте болгон күчүбүздү жумшап, жогорку окуу жайларга окутабыз» деп айтып отурабыз.

Биринчи Нуркыз төрөлгөн. Ортосунда айырма 5 мүнөт. Аттарын кайын иним койгон. Эгиздерден мурда 2 кыз жана 2 уулубуз бар. Нуржигит кичүүсү эркетайыбыз, бышыгыраак, эпчил жигит. Нуркыз боорукер, жоошураак, бирок аябай жакшы окуйт. Кичине кездеринде окшош кийинтип койчубуз. Өңдөрүнө чейин окшош кийинтчүбүз. Азыр чоңоюп, эки башкача кийинишет.

Сабак даярдоодо дагы Нуркыз берилүү менен аткарат. Нуржигит болсо үстүртөн даярданып, бат эле бүткөн болот. Көрсө Нуркыз айтып баа алгандан кийин Нуржигит айтат экен. Бир күнү эжеси байкап калып, Нуржигитке «сен биринчи айтчы» десе Нуржигит «жок, эже Нуркыз биринчи айтсынчы, Нуркыздан кийин жакшы айтам» дейт экен (күлүп). Куйма кулак, уккан нерсесин унутпайт, тез кабыл алып, жооп берип коёт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×