Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуМанас району 08.01.2019 16:25

Нургазы Ибрагим уулу Манас районунун салык кызматынын бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Талас облустук агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Нургазы Ибрагим уулу Манас районунун салык кызматынын бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы кызматынан 25-декабрь күнү бошотулду. Андан кийин Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын салык карыздарын өндүрүү жана салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна ротациялоо тартибинде штатка которулду.

Учурда облустук агрардык өнүктүрүү секторуна убактылуу кызматка Эмил Тууганбаев келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×