Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-март
Талас облусуКара-Буура району 09.01.2019 14:00

Эгиздер: Альбина менен Алинаны туугандары, курбулары да адаштырып алган учурлар көп болот (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылында чоңойгон 20 жаштагы эгиздер Альбина менен Алина Исаковаларды туугандары да айырмалай албай калышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Альбина: Аттарыбызды атамдын Майрамбек деген жакын досу койгон. Биз төрөлгөндө өзү кыздуу болгондой болуп кубанып, «аттарын мен коеюн» деп ата-энебизден уруксат алып койгон экен.

Мектепте окуп жүргөн кезде окшош кийинип жүрчүбүз. Азыркы кезде чачтарыбыз узун-кыска болуп, бир аз айырма бар. Башында курбу кыздарыбыз деле тааныбай калышчу. Мүнөздөрүбүз дээрлик окшош. Мен бир аз жоошураакмын (күлүп). Бизди дайыма көрүп, угуп жүргөндөр билип калса керек. Бир көргөндөр айырмалай алышпайт. Бирок улам убакыттын өтүшү менен эмнегедир өзгөрүп бара жатабыз.

Жогорку окуу жайда окуп баштаганда оор болду. Мен тайпалаштарыма көнө албай, Алинаны издеп кете берчүмүн. Аудиториянын эшигин ачып Алинаны карап тура берчүмүн. Өзүм жалгыз калып калгандай болуп жүрүп араң көндүм.

Кызыктуу учурлар көп болот. Алинанын тайпалаштары адаштырып мени кучактап калышчу. Мен унчукпай тура берчүмүн. Билип калгандан кийин күлүп калышчу. Бир күнү коридордо жүрсөм мугалим: «аудиторияга сабакка кирбейсиңби, сабак болуп жатса кайда жүрөсүң?» деп артымдан ээрчип алган. «Эже, мен Алина эмесмин» десем дагы болбой ачууланып алган эле. Кийин угуп алып аябай күлгөн. Туугандар арасында дагы кызыктуу учурлар болуп турат. Мисалы Алина менен учурашса мени менен учурашкан экенмин деп мага көңүл болбой коюп,таарынткан күндөр болгон.

Алина: Университеттен башында сабактарыбызды алмаштырып кире берчүбүз. Ал убакта көптөр таанышчу эмес. Азыр айырмалап калышты. Экөөбүз эгиз болсок дагы эки башка адистикте окуп жатабыз. Эки башка кесипти көрөлү дедик. Бир чети азыр эле көнө берели деп ойлодук. Анткени буйруган күнү турмушка чыкканда эки жакка кетебиз да. Апабыз айылда англис тилинен мугалим болуп, ардактуу кесипти аркалап келет. Ошондуктан биз дагы мугалимдик кесипти тандап алдык. Апам дагы «мугалимдик кесип кыздарга ылайыктуу, келечеги бар кесип» деп айтат.

Эгиздер үй-бүлөдө 6 бир тууган. Учурда Бишкектеги жогорку окуу жайда окуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.27% (101)
«Банк Компаньон»
19.29% (38)
«РСК Банк»
12.18% (24)
...
Всего голосов: 197
×