Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуТалас району 10.01.2019 12:40 На русском

Жаш талант: Таластык 14 жаштагы чебер Б.Табылдиева жасаган кийиз сүрөттү германиялыктар алып кеткен (фото)

Turmush -  Талас районундагы Каракол айылынын 14 жаштагы тургуну Бермет Табылдиева кийиздин бетине сүрөттөрдү тартуу менен алектенет. Аймактык кабарчы сүрөтчү кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 8-класста окуйт. Келечекте дизайнер болууну кыялданат.

«Үйдө атам мыкты сүрөтчү. Мен дагы атамды тартып сүрөтчүмүн. Кичинекей кезимден эле сүрөткө болгон кызыгуум пайда болгон. Апамдардын айтымында колума кагаз, калем кармап эле чоңоюптурмун. Атам тарткан сүрөттөрдү кайталап тартып жүрүп үйрөнүп алдым. Ошол эле убакта өзүмдө кызыгуу да бар эле. Мектептен сүрөт сабагынан эң жакшы сүрөт тарткан окуучулардын катарына кирчүмүн. Сүрөт тартуу боюнча ар кандай сынактарга катышып жүрдүм. Мындайча айтканда 4 жыл сүрөт тармагында жүрдүм десем болот. Сүрөт жакшы тартканым үчүн мени кол өнөрчүлүккө көп чакырышчу. Биздин мектепте кыздарга кол өнөрчүлүктү үйрөтүү боюнча атайын ийрим бар. Ийримге жетекчим Жазмира Давлеталиева эжемдин колдоосу менен катышып калгам. Биз ал ийримдерде жалаң кийиз менен иштейбиз. Жазмира эже бизге кийиз менен иштөөнү, элечек ороону үйрөтөт. Мен кийиз менен иштеп келе жатканыма 1 жыл болду. 1 жыл ичинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандарды кийиз менен жасап иштеп чыктым. Кийизди өзүбүз сатып алабыз. Таенем, эжем чебер болгондуктан кийиздерди ошол адамдардан алам.

Ар бир чыгарма ар кандай убакта жасалып бүтөт. Чоң көлөмдөгү сүрөттү 17 күндүн ичинде иштеп чыктым. Ал эми кичинекей көлөмдөгү чыгармаларды 3 күндүн ичинде жасап бүтөм. Менин жумушум эң оңой. Алгач чыгармадагы каармандардын сүрөтүн тартып алам. Андан кийин атайын ийне менен кийизди сайып баштайм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жасаган эмгектерин германиялыктар дагы алып кеткендигин кошумчалады.

«Көрсөтмөлөргө калбай чыгып келем. Жайында Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата көрсөтмө уюштурулуп калды. Ал жерде менин дагы эмгектерим коюлду. Алыскы чет өлкөдөн коноктор келип көрүп кетишти. Ошол жерден менин эмгегимди Германиядан келген коноктор жактырып калышты. Мен аларга мээнетимди саткан жокмун. Болгону аларга «менден сиздерге белек болсун» деп бердим. Алар абдан кубануу менен кабыл алышты. Ишиме ийгилик каалап, «мындан да мыкты чыгармалардагы каармандарды жаса» деп жакшы каалоо-тилектерин айтып кетишти. Мен үчүн абдан сыймыктуу нерсе. Негизи жасаган эмгектерди сатып алабыз дегендер көп болот. Бирок мен сатпайм. Жасаган мээнетимдин баасы жок.

Үй-бүлөм мени менен сыймыктанат. Атам менен апам менден чоң нерселерди үмүт кылышат. Ар дайым ишимди колдошот. Атам болсо «кызым өзүмдү тарткан» деп тамашалап калат (күлүп)», - деди ал.

Бермет үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×