Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуКара-Буура району 10.01.2019 14:21

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Сейталиев иниси экөө асыл тукум жылкыларды багып, завод ачууга аракет кылып жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун 41 жаштагы тургуну Нурбек Сейталиев асыл тукумдуу жылкыларды багып, жылкы завод ачууга аракеттерди көрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жылкыларды бир тууган иниси менен биргеликте 10 жылдан бери багат. Үйүрдө 20 жылкы болсо, анын ичинен 10 жылкы асыл тукум.

«Иним экөөбүз тең кичине кезибизден жылкыга кызыгуубуз чоң. Учурда экөөбүз тең жылкыларды багып жатабыз. Асыл тукумдуу айгырлардан урук алабыз. Мисалы сары аттын энеси кыргыз жылкы болчу. Жарым асыл тукум жылкылар азыр таза кандуу асыл тукум болуп калды. Бүгүнкү күндө 10 баш жылкы таза кандууга өткөнү турат.

Негизи асыл тукумга өткөнгө чейинки жылкылар менен Бишкекке чейин барып, көк бөрүгө катышып келгенбиз. Азыркылары жаш болгондуктан 1 асыйды чаптырган жокпуз. Асыл тукум жылкылар кыргыз жылкыларга караганда назигирээк болот. Бир жерин сындырып албайлы деп аярлап аралаштырып жатабыз. Булар буту-колу үзүлгөнчө чуркашат. Жазда үйүргө коё берсек, күздөн баштап чаптырып баштайбыз. Негизи көк бөрүгө 2 асыйдан өткөндө түшсө болот. Талаага коё бербестен үйгө кармайбыз.

Кара айгыр Польшадан келген айгырдын баласы. Ошолордон урук алганбыз. Байгеге чаба турган аттар, тайлар дагы бар. Республикалык деңгээлдеги мелдештерге чапсак болмок, бирок ат чапчу бала жок. Күнүгө минип, бастырып турган балдар керек. Өзүбүздүн балдар 5-6 жашта кичинекей болуп жатышат. Балдар чонойгончо бага берсек кийин байгеге чабабыз деген оюбуз бар. 1-2 жылдын ичинде толук таза кандууга өтүп калабыз. Февралдын биринен баштап марттын аягына чейин режимин бузбай бастырып көндүрөбүз. Нооруз, 9-майдагы мааракелерге чаптырып көндүрөбүз. Ат баккандан кийин жакшы ат чыкса деп ойлойм. Англис-араб тукумунан алынган, жакшы чуркаган, 3 жаштагы көк кашка ат бар», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жылкыларын азырынча сата электигин кошумчалады.

«Сатып көрө элекпиз. Көбүнчөсү таза кандуу, асыл тукумдуу жылкылардын башын көбөйөтөбүз деп жатабыз. Айгыр кылууга, улакка чабууга 2,5 миң долларга сурап келишкен. Бирок сатпай койгонубуз.

Күнүнө карап багып тургандыктан ар биринин мүнөздөрүн билип калгам. Токуп даярдап берип, балдар минип жатканда карап бастырып жүрөм. Айыл ичинен дагы атка кызыккан балдар бар. Алар минип калышат. Ат болгондон кийин күнүгө минип туруш керек. Үйгө кармап баккандарынан башкасын жайыттарга чыгарабыз. Айгырлардан кан алып текшерип турабыз.

Илгерки кыргыз аттар дагы бар. Айрым жылкылардын аттары бар. Мисалы Белес, Сарбос, Адмирал, Багира, Арзуу деген таза кандуу, бийиктиги 1 метр 60 см болгон байталдар бар. Чарбаны чоңойтуп, урукту тазалап, таза кандуу жылкыларды көбөйтүүнү максат кылам. Анткени ат заводун ачсам деп турам», - деди жылкычы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×