Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Талас облусуКара-Буура району 17.01.2019 09:30 Жаңыланды: 13.03.2019 09:57

Айыл турмушу: Кара-бууралык унаа оңдогуч уста М.Көчөрбаев 50гө жакын шакиртке өнөрүн үйрөттү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 41 жаштагы тургуну Мирбек Көчөрбаев 20 жылдан бери унаа оңдойт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 50дөй балага унаа оңдогонду үйрөткөн.

«Унаа оңдоого бала кезимден кызыгам. Үйдөн өз алдымча мотоцикл оңдочумун. Кийин мага Витя деген орус унаа оңдогонду үйрөткөн. Атам темир уста болгон. Өзүм көбүнчө жеңил унааларды оңдойм. Чоң унааларды дагы оңдоп, кураган күндөр болот. 20 жылдын ичинде бүт жумуштарды кылдым десем болот. Мага Кайнардын эли жана коңшу айылдардан көп адамдар келип, унаасын оңдотуп кетишет. Ар бир жумуштун кыйынчылыктары болот. Бизде дагы ошондой. Кээде суукта да, ысыкта да оңдойбуз. Кардар керектүү тетикти өзү алып келип берет. Ар кандай баада оңдойм, унаанын абалына карайбыз. 200-10 миң сомго чейин баалап оңдоп калабыз.

Азыркы учурда унаалардын сыртынан башка бардык жактарын оңдойм. Шаарда иштеп жүргөндө сырттарын дагы жасап жүрчүмүн. Айыл ичинде андай шарт жок. Бирөк иним жасайт. Учурда өзүм эле оңдоп иштейм. Мурда үйрөткөн окуучуларым бар болчу. Эң алдыңкылары азыр Россияда иштеп жүрүшөт. Таласта жүрүп эле 50дөй бала менден үйрөнүп кетишти. Өзүмдүн иним да менден үйрөнүп, учурда үйүндө өзүнчө иштейт. Кызыккан ага-инилер келип оңдогонумду карап турушат (күлүп). Кээ бирлери түшүнбөйт, туура тетикти көрсөтүп жиберсең туура эмести алып келишет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле баласы да өзүнүн жолун жолдоп устачылыкта окуп жаткандыгын кошумчалады.

«Эң улуу балам менин жолумду жолдоп келе жатат. Азыр Таласта ушул кесип боюнча билим алып жатат. Үйдөн өз алдынча үйрөнүп, мага жардам берип турат. Кирешебиз азыркы учурда бир аз азырак. Мурда айына 50 миң сомго чейин тапсак, азыр 10 миң сомго чейин болуп калды. Азыр жумуш жок, шарт жок. Мурда Таластын өзүндө иштеп жүргөндө шарт бар болчу», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 2 бала, 4 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×