Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуКара-Буура району 11.02.2019 23:46

Жеңеке: Гүлзат жеңе жаңы келин болгондо үйүн сагынып, кечинде бир маал ыйлап алчу (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылындагы 47 жаштагы Жумабаева Гүлзат жеңе жаңы келин болгондо үйүн сагынып, күндө кечинде ыйлап алчу. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Эмилбек Жумабаевге 21 жашында турмушка чыккан.

«Биздин убакта азыркыдай телефон менен сүйлөшүү деген нерсе жок болчу. Мен жолдошум менен кинодон таанышкам. Экөөбүз бир айылда, бир мектепте окуганыбыз менен мамилебиз деле жок болчу. Ошол жылдары айылда Индиянын киносу көп коюлчу. Кино келген күнү бизге майрам болор эле. Айыл эли баарыбыз көчүп барып, көрүп келчүбүз. Биздей болгон жаштар киного жиберсе экен деп айттырбай үй жумуштарын кылып, ата-энебизге жагынчубуз. Макул деп жиберсе сүйүнгөн бойдон кетчү элек.

Бир күнү айылга кино келип калды. Үйдө бош болгондуктан коңшу кыздарым менен мен да бардым. Жолдошум дагы дос балдары менен барыптыр. Экөөбүз жакын отуруп калгандыктан тааныша кеттик. Биздин таанышып, баш кошуубузга ошол Индия киносу себеп болгон. Ошол жерден эле мага жагып калды. Мен эле жактырбастан, ал дагы мени жактырып калыптыр. Ошол таанышуудан кийин жолугуша баштадык. Экөөбүз 4 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Ал окуусун бүтүп, Россиянын Троицк шаарына окууга кетти. Мен 1989-жылы мектепти бүтүп, Балыкчыдагы окуу жайга тапшырдым. Окуум менен бирге дүкөндө иштеп акча тапчумун. Окуп жүргөн маалыбызда баш коштук. Жолдошум кышкы каникулга келип, экөөбүз январь айында үйлөндүк.

Кайын журтума бат эле көнүп кеттим. Бир гана жаман нерсеси кечкисин эле ыйлай берчүмүн. Анткени жолдошум окуусуна кетет. Мен өзүм жалгыз калам. Эмнегедир үйдү сагынып, сиңдилеримди көргүм келип, үйдөгүлөргө көрүнбөй ыйлап алчумун. Ыйлап бүткөң соң билмексен болуп кечки тамакты жасачумун. Бир айылда жашагандыктан биздин үйдөн бирөө жарым көрүнүп калабы деп көчө жакты карай берген адатым бар болчу. Турмуш болгон соң баарына чыдаш керек. Бири-бириңди жактырып үйлөнгөн соң ошонун кыйынчылыгына да чыдап, баарын жеңишиң керек», - деди ал.

Гүлзат айымдын жолдошу кесиби боюнча эсепчи. Өзү болсо мектепте китепканада иштейм. Экөө 4 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×