Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуМанас району 21.01.2019 13:45

Өзгөчө ысым: Бейтааныш кыз Шадүңбүдүң байке деп: А.Ниязалиевдин чын атын досу, ал тургай аялы да билген эмес (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 35 жаштагы тургуну Шамсуудин Ниязалиевдин атын бирге чоңойгон досу да жакын арада билди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ысымын чоң атасы койгон.

«Айыл ичинде жана башка көптөгөн тааныштарым Азамат деп билишет. Менин азан айтылып коюлган, паспортко жазылган атым — Шамсуудин. Азамат деген атымды чоң апам койгон. Шамсуудин деген сөзгө тили келчү эмес экен. Бир күнү айылдан бир байке үйгө келгенде алдынан чуркап чыгып учурашыптырмын. Ал мени «ой азамат» деп башымдан сылап койсо, чоң апам «мындан ары Азамат деп атайбыз» деген. Ошентип көпчүлүк мени Азамат деп билишет. Шамсуудин деген атымды чоң атам коюптур. Ал молдо киши болуп, арабча китептерди көп окучу экен.

Апамдын айтымында, бир күнү чоң атам китеп окуп жатып, ошол китептин ичинен алып койгон. Айылда Египеттен окуп келген, арабчаны мыкты билген бала бар. Ошол маанисин чечмелеп, айтып берген. Шамсуу деген араб тилинен которгондо «күндүн нуру» дегенди билдирет. Ошондо кыргызча Нурдин деген ысым келип чыгат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле атына байланышкан кызыктуу окуяларды эскерди.

«Окуу жайда окуп жүргөн күндөрдүн биринде агайым «чакырып кел» деп бир кызды жумшаган экен. Балдар менен отурсам бир кыз келип: «Шадүңбүдүң байке» деп чакырып жатат. Эч ким үн каткан жок. Эки жагымды карап коём. «Менби?» десем «ооба» деп калды. Барсам «Шадүңбүдүң байке, сизди агай чакырып жатат» десе аябай күлгөм.

Көп жерлерге документ менен барып калганда сөзсүз маанисин сурап калышат. Өткөндө дос балам менен Таласка айдоочулук күбөлүк боюнча барып калдык. Ал жактан аты-жөнүмдү сураса, досум Ниязалиев Азамат деп менден биринчи жооп берип койду. Мен «жок, Ниязалиев Шамсуудин» десем таң калып, «Биринчи жолу угуп жатам. Айтып койбойсуңбу, уят кыласың го» деп күлдүрдү.

Келинчегим менен дагы Азамат деп таанышкам. Чын атымды үйлөнгөндөн кийин билген. «Атың өзгөчө экен» деп таң калган. Баламдын атын Алидин деп өзүмдүн атыма уйкаштарып койгом», - деди ал.

Шамсуудин-Азамат мырза 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×