Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуМанас району 21.01.2019 15:31

Жумуш орундар, калкка көрсөтүлгөн көмөктөр: Жерүйдүн ишмердүүлүгүнөн жергиликтүү экономикага жакындан жардам көрсөтүлүүдө (сүрөт)

Turmush -  Жерүй кенинин ишмердүүлүгүнөн жергиликтүү экономикага жакындан жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу кенди иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКсы маалымдады.

Жалпы курулуш жумуштары

Курулуш иштери башталгандан бери Жерүй кениндеги 19 объектиде курулуш-монтаждоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Алардын бешөөсү пайдаланууга берилди. 2018-жылы «Альянс Алтын» ЖЧКсы жумуш аткаруучу катары 50 юридикалык жана жеке жактар менен келишим түздү. Келишимдер ар түрдүү курулуш жана геологиялык чалгындоо жумуштарын, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө жаңы келишимдерди коштоо, автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, кыртыштын жана суунун сапаттарына экологиялык мониторинг жүргүзүү, техникаларды, жабдуулар менен эмеректерди алып келүү, материалдарды тигүү, консалтинг, камсыздандыруу, почталык, медициналык, күзөттүк, кейтерингдик жана клинингдик кызматтарын көрсөтүү, техникаларды оңдоо жана башка иштерди аткаруу боюнча түзүлдү. Биринчи жарым жылдыкта Жерүй кенинде жумуш аткарууга тартылган 50 аткаруучунун ичинен 15ин ири курулуш уюмдары, 35ин ар түрдүү багыттагы юридикалык жана жеке жактар түздү.

2018-жылы «Альянс Алтын» ЖЧКнын өзүндө жана подряддык уюмдарда бардыгы болуп 480 адам иштеди. Алардын арасынан:

- 84 адам «Альянс Алтын» ЖЧКнын кызматкерлери – булардын ичинде Россиянын – 5, Казакстандын – 1, Кыргызстандын – 78 (35и таластыктар) жарандары иштешти. Жалпы сандын 92,86% Кыргызстандын жарандары түздү;

- 300дөн ашыгы подряддык курулуш уюмдарынын жумушчулары. Алардын ичинен үчөөсү гана чет элдик жарандар (Белоруссия – 2, Кытай – 1). Калган 297си же 99% Кыргыз Республикасынын жарандары. Булардын ичинен 155 жумушчу жергиликтүү тургундар болуп саналышат.

- Кошумча жергиликтүү 96 тургун (негизинен Бекмолдо айыл аймагынан) ишке тартылды. Алар объектилерди кайтаруу, эмеректерди жасоо, материалдарды тигүү (шейшеп), медициналык тейлөө, кейтеринг (тамак-аш уюштуруу) жана клининг (бөлмөлөрдү жыйноо, кир жуумай), суу ташып келүү, тиричилик жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, унаа каражаттарын жана башка техникаларды оңдоо сыяктуу ж.б. иштер менен алектенишет. Жергиликтүү тургундардан кошумча тартылган жумушчулардын 100% Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат.

- 2018-жылы «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын бюджетине жалпы суммасы 445 172 993 сом салык төлөгөн. Мунун ичинен 418 189 766,53 сом республикалык, 26 983 226,05 сом жергиликтүү бюджетке төлөнсө, 58 182 245 сом социалдык фонддун эсебине берилген.

Майрамдык жана социалдык маанилүү иш-чараларды өткөрүү

2018-жылы «Альянс Алтын» ЖЧКсы жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Талас облусунда бир катар социалдык жана майрамдык иш-чараларды өткөрдү.

Талас районунда жана Бекмолдо айыл аймагында 230дан ашык көп балалуу энелерди жана жарды жашаган аялдарды 8-март майрамы менен куттуктоо максатында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, белек катары аларга азык-түлүк тапшырылды;

Нооруз майрамынын урматына Бекмолдо айыл аймагында «Альянс Алтын» ЖЧКнын кубогу үчүн спорттун түрлөрү, алардын ичинде улуттук оюндар (көк бөрү, ат чабыш, аялдар жана эркектер арасында волейбол, кичи футбол, кыргыз күрөшү, шахмат) боюнча мелдештер өткөрүлдү;

Талас районунун айылдарынан тандалып алынган көк бөрүчүлөрдөн турган «Бакубат Талас» командасы түзүлүп, Бишкек шаарынын 44 жылдыгына карата уюштурулган республикалык турнирде кубокту жеңип алышса, Эгемендүүлүк күнүнө арналган президенттин кубогунда чемпион болушту.

1. Талас районунун Өмүралиев айыл аймагында улуттук ордо оюну жана кичи футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү;

2. Бекмолдо айыл айыл аймагындагы аз камсыздалган жана көп балалуу 60 үй-бүлөгө 1 каптан ун берилди;

3. Совет доорунда Жерүй кенин ачууга жана өздөштүрүүгө даярдык көрүүгө салым кошкон Кыргыз Республикасынын геологиялык кызматынын ардагерлерин Геологдор күнү менен куттуктоо уюштурулду;

4. Өмүралиев айыл аймагынын Ак-Сай айылында Апрель революциясынын баатыры Ж.Огомбаевдин элесине арналган волейбол боюнча турнир өткөрүлдү;

5. 9-Май — Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул иш-чараларда Талас облусунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун бардык ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

* 8-майда Чат-Базар айылында Талас районунун ардагерлери үчүн;

* 9-майда Талас шаарында Талас облусунун ардагерлери үчүн.

6. Энелердин күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, Бекмолдо айыл аймагынын 60тан ашык баатыр энелерине азык-түлүк топтомдору тартуу кылынды;

7. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы жана Сасык-Булак айылындагы орто мектептердин жаш геологдор ийримдеринин арасында конкурс өткөрүлдү;

8. КРнын өкмөтү тарабынан жарыяланган жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча акциянын алкагында үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бекмолдо айыл аймагында «Альянс Алтын» ЖЧКнын кызматкерлеринин, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү депутаттардын, Кара-Ой айылындагы орто мектептин окуучуларынын катышуусунда ишембилик өткөрүлүп, «Алим» кафесинен ККП-1 чейинки аймак таштандылардан тазаланып, күмүш теректер менен кайыңдын 1000 түпкө жакын көчөттөрү отургузулду.

9. Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары үчүн Чоң-Чычкан дарыясына жөө адамдар өтүүчү көпүрө курууга жардам көрсөтүлүп, зарыл курулуш материалдары алынып берилди.

10. Талас облусунун спортчуларынын республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге, ошондой эле маданият ишмерлери менен чыгармачыл кызматкерлердин ар түрлүү конкурстар менен фестивалдарга барып катышуусуна колдоо көрсөтүлдү.

«Бакубат Талас» фонду аркылуу соцпакеттерди ыйгаруу

* Талас облусунун жашоочуларына 2018-жылдын 1-июлуна карата 8% жылдык үстөк менен кредит берүү:

* Кайтарылуучу каражаттардын эсебинен биринчи транш боюнча Талас облусунун 143 насыя алуучусуна «Кыргызстан» АКБ аркылуу жалпы суммасы 34 965 000 сомдук жеңилдетилген кредиттер берилди, анын ичинен:

* чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 27 жеке ишкерге жалпы суммасы 17 680 000 сом;

* айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 116 дыйкан-фермерлерге жалпы суммасы 17 285 000 сом кредит берилди;

* Экинчи транш боюнча «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банк» ЖАК аркылуу Талас облусунун 198 насыя алуучусуна жалпы суммасы 63 644 000 сомдук жеңилдетилген кредиттер берилди, анын ичинен:

* чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 21 ишкерге жалпы суммасы 35 000 000 сом;

* айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 116 дыйкан-фермерлерге жалпы суммасы 28 644 000 сом кредит берилди.

3.2. Социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу

* Уюшулган күндөн 2018-жылга чейин «Бакубат Талас» фондуна Талас облусунун мекеме-уюмдарынан жана жашоочуларынын бардыгы болуп 476, алардын ичинен 2018-жылдын биринчи жарымында 189 арыздар менен кайрылуулар келип түштү.

* Талас облусундагы социалдык программаларды жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүүнүн алкагында «Бакубат Талас» фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан 2018-жылдын биринчи жарымында 4 отурум өткөрүлүп, жалпы суммасы 21 128 445 сомду түзгөн 67 долбоор жактырылды. Алардын ичинен көрсөтүлгөн аралыкта жалпы суммасы 7 655 550 сомду түзгөн 32 долбоор ишке ашырылды. Калган 13 472 895 сомдук 35 долбоор жүзөгө ашыруу алдында турат.

* Каржылоонун экинчи траншы боюнча ( 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын июлуна чейин) жалпы суммасы 28 642 424 сомдук 92 долбоор жактырылып, жүзөгө ашырууга кабыл алынды. Алардын ичинен 2018-жылдын 1-июлуна карата жалпы суммасы 14 920 459 сомдук 56 долбоор ишке ашырылды, 13 721 956 сомдук 36 долбоор жүзөгө ашырылуу алдында турат жана 3 767 692 сомдук 17 долбоору каржыланды.

«Бакубат Талас» фонду колдоого алган социалдык долбоорлордун багыттары боюнча маалыматтар:

Билим берүү системасы

Бардыгы болуп 4 342 015 сомго 17 долбоор жүзөгө ашырылды. Билим берүү мекемелеринин имараттары оңдоолордон өткөрүлдү, мектеп эмеректери сатып алынды, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базалары чыңдалды, мектеп окуучуларынын республикалык жана башка түрлүү иш-чараларга катышуулары камсыздалды.
Мектепке чейин билим берүү чөйрөсүндөгү бул багыт боюнча 2 689 705 сомго 7 долбоор жүзөгө ашырылды. Мектепке чейинки мекемелердин имараттары оңдолуп, эмеректер сатып алынды, бала-бакчага кошумча имарат, оюн аянтчасы курулду ж.б.

Саламаттыкты сактоо системасы

Бардыгы болуп 2 610 600 сомго 8 долбоор жүзөгө ашырылды. ФАПтар менен ҮДТ имараттары оңдолду. Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базалары чыңдалып, медициналык жабдуулар сатып алынды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн борборлор

Бардыгы болуп 747 450 сомго 4 долбоор ишке ашырылды. Талас районунун Талды-Булак айылындагы «Таң Нуру» ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн күндүзгү борборунун имаратынын жылытуу системасы капиталдак оңдоодон өткөрүлүп, айнектери алмаштырылды, ДЦП, аутизм жана башка синдромдор менен жабыркаган балдардын «Теңир колдо» реабилитациялык борборунун курулушун бүткөрүүгө курулуш материалдары сатып берилди.

Маданият мекемелери

Бардыгы болуп 2 352 000 сомго маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого, имараттарды оңдоого, чыгармачылык үчүн кийимдерди тигүүгө, маданият ишмерлеринин түрлүү чыгармачыл иш-чараларга катышуусуна багытталган 12 долбоор жактырылды.

Дене тарбия жана спорт

Бардыгы болуп спорттук объектилерди оңдоого, спорттук эмеректерди, спорттук кийимдерди сатып алууга, спорттук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, облустун спортчуларын республикалык жана эл аралык турлүү мелдештерге катыштырууга багытталган жалпы суммасы 4 738 300 сомдук 21 долбоор жактырылды.

Инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү

Бардыгы болуп облустун борбордук паркын жарыктандырууга жана көчөлөргө, Суулуу-Маймак, Бакай-Ата, Аманбаев айылдарынын борбордук көчөлөрүнө электр шамдарын орнотууга багытталган жалпы суммасы 7 895 000 сомдук 10 долбоор жактырылып, учурда алардын жетөөсү ишке ашырылды. Дагы 3 долбоор жүзөгө ашыруу алдында турат.

Айыл чарбасы жана ирригация

Облустун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, суткалык жөнгө салынуучу суу бассейндерин, каналдарды механикалык тазалоого, гидрокурулуштарды оңдоого багытталган жалпы суммасы 2 395 373 сомдук 5 долбоор жактырылды.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо

Бардыгы болуп жалпы суммасы 824 786 сомду түзгөн 4 долбоор жактырылган жана алардын үчөөсү аяктады. 1 долбоор (Манас районундагы Нылды айылынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн суу куурларынын түйүндөрүн оңдоо) аяктоо алдында турат.

Укук коргоо органдарынын системасы

Бардыгы болуп укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоого, административдик имараттарды оңдоого жана техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган 1 439 800 сомдук 4 долбоор жактырылган.

Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар

Бардыгы болуп Афган согушунун ардагерлеринин коомдук бирикмесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, Бакай-Ата жана Талас шаарынын мечиттеринде даарат алуучу бөлмөлөрүн курууга багытталган 493 550 сомдук 3 долбоор жактырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×