Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуМанас району 21.01.2019 16:09

Манас РИИБ Талас облусундагы «Мыкты РИИБ» деп табылды (сүрөт)

Turmush -  Манас РИИБ 2018-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусундагы «Мыкты РИИБ» деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты кызматкерлер да аныкталып, атайын сыйлыктар менен сыйланды. Алар:

- Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүмчө башчысы, милициянын майору Каратаев Марлис;

- Кара-Буура РИИБдин жаш өспүрүмдөр иштери боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтененаты Чотбаева Эсенгүл;

- Талас РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Алыбаев Нурдин;

- Бакай-Ата РИИБдин криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу опер кызматкери, милициянын капитаны Сатыбеков Нуржигит;

- Бакай-Ата РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын өкүлү, милициянын ага лейтенанты Арыков Адилет;

- Кара-Буура РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор нөөмөткери милициянын ага лейтенанты Раманкулов Мирлан;

- Кара-Буура РИИБдин криминалистикалык коштоо тобунун улук инспектору милициянын лейтенанты Жандаралиев Мирлан.

- Талас ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кайгуул күзөт кызматынын командири милициянын прапорщиги Дубанаев Улан;

- Талас ОИИБдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өкүл жоокери милициянын старшинасы Шабданбеков Абдылас;

- Талас ОИИБдин ЖКККББнүн жол кайгуул кызматы жана административдик тажрыйба бөлүмчөсүнүн кенже инспектору милициянын кенже сержанты Жаныбеков Айбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×