Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 22.01.2019 16:01

Жубайлар: Таластагы Анаркул атанын Келсин апага болгон сүйүүсү 60 жашта ого бетер күчөдү (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылындагы 70 жаштагы Сейитов Анаркул ата менен 67 жаштагы жубайы Сейитова Келсин апа 48 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Келсин апа: Мен өзүм Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын кызы болом. 19 жашымда Кызыл-Октябрь айылына келин болуп түшкөм. Жолдошум экөөбүздү ата-энелерибиз тааныштырган. Анда аскерден келген учуру экен. Ата-энеси менин ата-энемдин алдынан өтүп, баласы менен тааныштырган. Мындайча айтканда экөөбүздү ата-энелерибиз тааныштырып эле, үйлөндүрүп койгон. Ошентип 1970-жылы баш кошконбуз. Мен ал убакта бала бакчада тарбиячы болуп иштечүмүн. Атайын деле бир кесиптин ээси болгон жокмун. Ал учурда кандай жумуш болбосун иштей берчүбүз. Бул жакка келгенде тамекиде иштедим. Көп жылдар бою саанчы болдум. Кайсыл жумушта акча көп болсо ошол жумушка барып иштей берчүбүз. Жолдошум өмүр бою эле айдоочу болуп иштеди. Азыркы учурга чейин картошка ташып иштеп жүрөт.

Жаңы келин болуп келгенде бөлөк үй-бүлө деп бир аз көнө албай, кыйналып жүрдүм. Бара-бара көнүп кеттим. Бул жерде кайын энем абдан чоң жардам берди. Өтө акылдуу адам эле. Мага жакшы сөз сүйлөп, акырындык менен көндүрүп алган. Кээ бир учурларда жолдошума тамашалап «сени аскерден келсин деп атайын турмушка чыкпай жүргөм го» деп күлүп калам. Жолдошум жашоого тың, табышкер.

Анаркул ата: Жубайым экөөбүздүн ортобузда 4 уул, 2 кызыбыз бар. Негизи чыныгы сүйүү 60 жаштан өткөндө келет экен деп калдым (күлүп). Себеби балдар өз үй-бүлөсү менен, кыздарың өз түгөйлөрүнө кетип калат экен. Менин сүйүүм 60 жаш курагымда күчөдү. Жумуштан үйгө келип, кемпирим жок экенин билсем дароо издеп тапмайынча үйгө кирбейм. Кайын журтка кеткен болсо артынан барып калам. Келиним канчалык аталап, ысык чайын сунса дагы кемпиримдин орду бош болгонсуп, мага бир нерсе жетишпегендей эле боло берем. Ал жанымда отурса шашпай чай ичип отурам. Экөөбүз отуруп алып сырдашыбыз, болуп өткөн жаңылыктарды айтышабыз дегендей. Кээде отуруп: «Сен жокто чайды да жакшы иче албайм. Атам кечке эле чай иче берет деп ойлоп калат экен деп келинге чыныны сунгандан уялып жатам. Ошондуктан өзүң барда уялбай сага сунганым жакшы», - деп тамашалап калам.

Жубайым Келсинге ыраазымын. Жумуштан ар кандай маалда келип калам. Түнкү саат 2:00дө келсем дагы жадырап-жайнап, ысык тамагын даярдап, уктабай мени күтүп турат. Ал эми түндөп жолго чыкчу болсом качан мен кетмейинче уктабай, кийимдеримди даярдап, ысык тамагын ичирип узатып, андан соң уктайт. Мүнөзү абдан жакшы, бышык, жашоого тың. Ата-энем «бышык кыз, турмуштан кыйналбайсың» деп жактырып алып беришкен. Адашбаптырмын. Азыр кудайга шүгүр, неберелерибиз менен бактылуу жашоодо жашап жатабыз.

Азыркы жаштарга айтарым сүйүү эч качан өчпөйт. Чыныгы сүйүү карыганда пайда болот. Анткени картайган сайын бири-бириңе ынак болуп каласыңар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×