Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 23.01.2019 13:33 На русском

«Апама каяша айтасың»: Таласта кош бойлуу аялын сабады делген жигит 5 миң сом айыпка жыгылды

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында кош бойлуу жубайын сабады деп айыпталган жигит 5 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Жолдубай (аты өзгөртүлдү, О.Ж.К.) 2018-жылдын 12-майында 1999-жылы туулган жубайы Айканы (аты өзгөртүлдү, Ж.к.А.) сабады деп айыпталган. Чатак өз ара келишпестиктен улам чыккан. Ал 4 айлык боюнда бар жубайын «эмнеге апама каяша айтасың?» деп бетке, жамбашка чаап жиберген. Аялы үйдүн 2-кабатына чыгып кеткенде апасына телефон чалып койбосун деп телефонун да тартып алган. Аялы баш мээси чайкалып, Манас районундагы ооруканада дарыланган. 20-майдагы экспертизанын жыйынтыгы менен аялына кыска убакытка созулган жеңил жаракат келтирилгендиги такталган.

Сотто айыпталуучу күйөө аялын урбагандыгын, футбол ойноп жатып буту сынгандыктан ал күнү үйүндө достору менен отургандыгын айтты. Жолдубай экспертизанын корутундусуна ишенбей тургандыгын белгилеп, акыйкат чечим чыгарууну суранды.

Ал эми аялынын өкүлү А.Р.Б. Айка азыркы күндө төрөп, жаш баласын карап жаткандыктан сотко өзү келе албагандыгын билдирди. Ал Жолдубай башында аялын «бир жолу урдум» деп, кайра азыр «урган жокмун» деп жаткандыгын айтып, аны камакка алууну суранды.

Сотто Айканын апасы ошол күнү кызы ага телефон чалып, «мама» дегенде телефонду күйөө баласы алып койгондугун айтты. Кайра өзү чалса телефон өчүк болгон. Кудагыйына телефон чалса ал «кызың бетпак, көчөгө чыгарып коём» деген. Андан кийин кызы кайра байланышка чыгып, келишин суранган. Ал келген учурда кызы бети шишип, ваннада кусуп жаткан. Кызынын кайын сиңдиси агасы аялын 2-3 жолу чапты деп айткан. Ал ошол күнү кызын алып кетип, ооруканага жеткирген. Ошол учурда 16 жумалык боюнда бар кызы баласын 8,5 айлык кылып төрөгөн.

Ал эми Жолдубайдын апасы О.С.К. 12-майда (чыр чыккан күн) кечке маал саат 17:00 чамасында келини Айка микроволновканы туура эмес сайып жаткандыгын көрүп, «катуураак сайып кой» деп айткандыгын билдирди. Айка болсо башка бөлмөгө кетип калган. Бир маалда ал ваннада ыйлап жаткандыгын көргөн. Ага «резетканы катуураак сайып кой дегенге ушунча ыйлайсыңбы?» десе келини «мага катуу кыйкырдыңыз» деп мискейди ыргытып жиберип, «кетем» деп үйдүн 2-кабатына чыгып кеткен.

Жолдубайдын апасы мунун барына кудагыйы күнөөлүү экендигин айтты. Анткени ал кызын мурда да кайра-кайра алып кете бергендигин белгиледи. Баласы Жолдубай ал күнү буту сынып, үйдө жаткан. Келини 2-кабатка чыгып кеткенде баласы да артынан көтөрүлгөн. Бирок келинин урган эмес.

Сот аталган иштердин материалдарын карап чыгып, тараптардын сөздөрүн угуп, жыйынтыгында Жолдубайды КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренеси (саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү) боюнча айыптуу деп таап, 5 миң сом айып салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×