Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуМанас району 23.01.2019 14:08 На русском

Бычак менен каршылык көрсөтүшкөн: Таласта чек арадан мал уурдап бара жаткан 3 адамдын бирөөсүнө ок тийип, мерт кетти

Turmush -  Бүгүн, 23-январда Манас районунун Жайылган аймагындагы кыргыз-казак чек арасында мал уурдап бара жаткан адамдарга ок атылып, бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз 3 адам Кыргызстандын аймагынан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 10-15 баш жылкыны айдап өтүүгө аракет кылышкан. Ал жерге чек арачылар барып, аларды кармоого аракет кылышкан. Бирок алар чек арачыларга бычак менен каршылык көрсөтүшкөн. Чек арачылар каршылыкты токтотуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн асманга ок атышты. Бирок алар чек арачылардын эскертүүсүнө карабай, талаптарга баш ийбей, каршылык көрсөтүүнү улантышкан. Буга байланыштуу чек арачылар мыйзам бузуучулар тарапка ок атууга аргасыз болуп, анын кесепетинен алардын бири жаракат алган. Ал эми 2 адам Казакстандын аймагына качып кетүүгө жетишкен. Жаракат алган адам биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан учурда көз жумду.

Бул окуя тууралуу Казакстан менен Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына маалымат берилди. Учурда тергөө жана издөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×