Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуБакай-Ата району 24.01.2019 09:49

Эгиздер: Таңсулуу менен Нурсулууну классташтары, мугалимдери, ал тургай ата-энеси да алмаштырып алчу (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылындагы 16 жаштагы эгиздер Султан кызы Таңсулуу менен Нурсулуу эгиз балдарга турмушка чыксак деп кыялданышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Таңсулуу: Бизди мектептен классташтарыбыз да жакшы айырмалай албай калышат. Экөөбүз бири-бирибизге абдан окшошпуз. Мага айтчу нерсени Нурсулууга, ал эми Нурсулууга айтчу сөздү мага айтып алган учурлар дагы көп болот. Кээ бир учурларда мугалимдерибиз да адашып калышат. Сабактан бирибиздин атыбыздан экинчибиз жооп берип койгон учурлар болот. Бирок экөөбүздүн мүнөзүбүз ар башка. Мен токтоомун, адамдын көңүлүн оорутуп алгандан корком. Ал эми Нурсулуу бышык, бардык адамдар менен тил табышып, бат эле аралашып кетет.

Нурсулуу: Экөөбүз тең сабактан жакшы окуйбуз. Келечекте журналист болууну самап келебиз. Кийин өзүбүзгө окшош эгиз балдарга турмушка чыксак деп кыялданган учурлар да болот. Экөөбүз дайыма окшош кийинип жүрөбүз. Классташтарыбыз айырмалай албай «сен Нурсулуусуңбу же Таңсулуусуңбу?» деп сурап калышат.

Атасы Султан мырза: Жубайым экөөбүз 2001-жылы баш кошконбуз. Эгиз кыздарыбыз 2002-жылы 22-август күнү эртең мененки саат 10:00 чамасында төрөлүштү. Биринчи Таңсулуу төрөлдү. Арадан 5 мүнөт өткөн соң Нурсулуу төрөлдү. Кыздарым төрөлгөндө менде башкача сезим болду. Сөз менен жеткирүү кыйын, түшүндүрүп бере албайм. Жубайым экөөбүз тең абдан сүйүнгөнбүз. Тилдери чыгып, буттары басып калган учурда экөөнү айырмалай албай калчубуз. Мен чачтарынан айырмалап билчүмүн. Анткени апасы Таңсулуунун чачын байлап, Нурсуулунун чачып өрүп койчу.

Эгиздеримдин аркасында 2008-жылы туулган балам жана 2016-жылы туулган кызым бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×