Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуКара-Буура району 24.01.2019 15:40

Жубайлар: Е.Чоюнбашев 2 жолу эгиз уулдарды төрөп бергени үчүн жубайы А.Момбековага ыраазы (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 57 жаштагы тургуну Ескербек Чоюнбашев жубайы Айнур Момбекованы бир көргөндө эле жактырып баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Айнур айым: Мен Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында төрөлгөм. 1986-жылы Кайнар айылына келин болуп келгем. Жолдошум менен жакын жашаган коңшубуз аркылуу таанышып калганбыз. Кошунабыздыкына келип-кетип жүрчү. Экөөбүз 1-2 жолу көрүшүп, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жолдошумдун жооштугу, мүнөзү жагып макулдугумду бергем.

Чоң үй-бүлөгө эң улуу келин болуп келдим. Жолдошум өзү 11 бир тууган. Эң улуусу биз болдук. Баарына туруштук берип, чыдамдуу болдум. Эми мактангандай болбоюн, айылдын эң алдыңкы келиндеринен болдум. Биринчи келин болуп келгенде тамагым ташып, казаным күйгөн учурлар да болуп жатты (күлүп). Кайын атам аябай катаал киши болчу. «Үйдү ысытпагыла, буулантпагыла» дечү. Ал айткандай кылганга аракет кылчумун. Бирок мени аябай жакшы көрчү. Өзүм 19 жашымда келин болуп келдим. Эртең менен таң атпай караңгыда турчумун. Мал көп болчу. Ошолорду жайгарып, самоорлорду кайнатып, бардыгына чай берчүмүн.

Ескербек мырза: Биздин учурда азыркыдай сүйлөшүп, жолугушуу деген жок болчу. Бекинип кирип, бекинип жолукмай эле. Ачык эч кимге айткан эмеспиз. Айылына барып жүрүп, көрүп жактырып калдым. Ал учурда айдоочу болуп иштечү элем. Жубайымдын бышыктыгы жагат.

7 балалуу болдук. 2 жолу катары менен эгиз уулдарды төрөп берди. Жубайыма ыраазымын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×