Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуБакай-Ата району 25.01.2019 11:10

Бакай-Ата районунда «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамын Өзгөрүш айыл өкмөтү жеңди

Turmush -  Бакай-Ата районунда «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамын Өзгөрүш айыл өкмөтү жеңди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, кечээ райондун элинин астында жылдык отчёт берилип, жыйынтыгында жылдын мыкты инсандары, мыкты мекеме-уюмдар сыйланды. Ал эми «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамын Өзгөрүш айыл өкмөтү ээлеп, өтмө кызыл туу жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

«2018-жылдын жыйынтыгы менен биздин айыл өкмөтүбүз мыкты деп табылды. Жыл жыйынтыгы боюнча жакшы иштерди аткара алдык. Ошондой эле дагы да айыл элине пайда келтирүүчү жумуштарды аткара бермекчибиз», - деди Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл Батырбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×